Кыргызстанда нотариустардын акчаны адалдоого каршы күрөштөгү ролу күчөтүлүүдө

Коом Жүктөлүүдө... 07 Август 2026 14:55
WhatsApp Image 2026-08-07 at 14.26.19.jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.08.26 /Кабар/. Кыргызстанда нотариустардын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүүдөгү ролу күчөтүлүүдө. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Кыргызстандын Нотариалдык палатасынын төрайымы Сымбат Рыскулова Бишкекте өткөн “Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүүдө нотариус кесибинин негизги ролу: тажрыйба, көйгөйлөр жана эл аралык пикирлер” аталган эл аралык конференциянын алкагында билдирди.

Анын айтымында, нотариустар жарандардын кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөрүн, ошондой эле акча каражаттарына байланыштуу операцияларын каттоодо каражаттын келип чыгышын текшерүүдө негизги звено болуп саналат.

“Нотариус биринчи болуп каражаттын мыйзамдуулугуна көңүл бурат. Жарандар нотариуска кайрылып, мүлктү кайра каттоо же акча каражатын карызга берүү сыяктуу иштерди жүргүзүүдө каражаттын келип чыгуу булагын тастыктап берүүгө милдеттүү. Ушундай учурларда нотариус биринчи болуп “Бул акча кайдан келген?” деген суроону коёт. Демек, бүгүнкү күндө нотариустар жана банк кызматкерлери акча каражаттарынын мыйзамдуулугун текшерүүдө алгачкы көзөмөл жүргүзгөн негизги адистер болуп эсептелет”, - деди Нотариалдык палатанын төрайымы.

Учурда Финансылык чалгындоо кызматы менен биргеликте нотариалдык системаны өркүндөтүү боюнча алгылыктуу иштер жүрүп жаткандыгы белгиленди.

“Өлкөдө ишке кирген “Электрондук нотариат” маалыматтык системасына шектүү бүтүмдөрдү ыкчам аныктоого мүмкүндүк берген атайын функция киргизүү пландалууда. Эгерде кандайдыр бир шектүү бүтүм же терроризмге байланыштуу жагдай аныкталса, система аркылуу дароо билдирүү жөнөтүү мүмкүнчүлүгү болот. Эгер бул тизмелерде мыйзамсыз жол менен мүлккө ээ болгон же терроризмди каржылоого тиешеси бар адамдардын аты-жөнү камтылса, мындай механизм тез арада аны аныктоого жардам берет. Бул багытта иштер жүргүзүлүп келген. Азыр аны нотариустардын электрондук системаларына интеграциялоо маселеси көтөрүлүүдө жана жакынкы убакта ишке ашуусу мүмкүн”,- дейт ал.

Маалымдалгандай, 2025-жылы Кыргызстандын нотариалдык палатасы Кызматташуу боюнча эл аралык нотариалдык комиссиянын курамына 93-өлкө болуп кирген. Бүгүнкү конференция аталган уюм менен биргеликте өткөрүлүп, анда акчаны адалдоо, терроризмди каржылоо жана каржы булактарынын келип чыгышы сыяктуу глобалдык маселелер талкууланды.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар тажрыйба алмашып, мыйзамсыз каржылык операцияларды аныктоонун натыйжалуу ыкмаларын талкуулашты.