Кыргызстанда Нипах вирусунун жайылуу коркунучу төмөн

Ден соолук Загрузка... 03 Февраль 2026 15:59
Nipah_back.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Нипах вирусу боюнча кырдаал тууралуу маалымат берип, Кыргызстан үчүн тобокелдиктерди төмөн деп баалады.

Нипах вирусу жөнүндө эмнелер белгилүү

Нипах вирусу — бул жаныбарлардан адамдарга жугуучу оору. Анын табигый алып жүрүүчүлөрү болуп канаттуу түлкүлөр тукумундагы мөмө жеген жарганаттар саналат.

Вирус алгачкы жолу 1999-жылы Малайзияда чочко багуучулардын арасында пайда болгон учурда аныкталган. Ошондон бери Түштүк Азия өлкөлөрүндө бул оорунун 12 ирет жайылышы катталган.

Учурдагы кырдаал

2026-жылдын январында Индиянын Батыш Бенгалия штатында, Калькутта шаарына жакын жерде пайда болгон. Анда жуктуруп алуунун беш учуру тастыкталган. Эксперттердин баамында, бул тутануу локалдык жана сезондук мүнөзгө ээ.

Кыргызстан үчүн тобокелдиктерди баалоо

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда Нипах вирусунун пайда болуу жана жайылуу коркунучу төмөн, анткени:

  • өлкө аймагында инфекциянын табигый очоктору жок;
  • вирус тропикалык жарганаттардын өзгөчө түрлөрүнүн арасында гана айланат;
  • тумоо (грипп) жана COVID-19дан айырмаланып, адамдан адамга жугуу мүмкүнчүлүгү чектелүү.

Адамдарга негизинен фекалдык-оралдык жол менен жугат:

  • инфекцияланган жарганаттардын шилекейи же заарасы тийген жемиштерди (өзгөчө курманы) жегенде;
  • жарганаттардан жуктуруп алган оорулуу үй жаныбарлары (биринчи кезекте чочколор) менен байланышта болгондо.

Негизги белгилери:

  • дене табынын жогорулашы;
  • катуу баш оору;
  • кусуу, тамактын оорушу;
  • неврологиялык белгилер болушу мүмкүн: баш айлануу, уйкучулук, аң-сезимдин тумандашы.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы Индияга баруучу жарандар үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайт:

  • колду самын менен жакшылап жууп, антисептиктерди колдонуу;
  • мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды колдонуудан мурун дайыма жуу;
  • текшерилбеген булактардан суу ичпөө;
  • оорулуу жаныбарлар (жарганаттар, чочколор) менен байланышуудан качуу;
  • оорунун белгилери (дене табынын көтөрүлүшү, катуу баш оору, күчтүү жөтөл) пайда болгондо токтоосуз дарыгерге кайрылуу.

Мекеме эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантууда жана жарандарды алдын алуу чараларын сактоого чакырат.