Садыр Жапаров “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинин жаңы корпусунун ачылышына катышты

Президент 07 Май 2026 23:00
690089998_1549014910566471_8409211174940308614_n.jpg
688044193_1549015407233088_2736099185500575290_n.jpg
689026861_1549015680566394_2836830983802690737_n.jpg
689671568_1549015443899751_1293801253805047526_n.jpg
689851225_1549016077233021_8061883764058509087_n.jpg
690652427_1549015813899714_6676588400907798623_n.jpg
690676781_1549015220566440_3595577922118223754_n.jpg
691459887_1549015067233122_3392464507720147953_n.jpg
690730809_1549015600566402_8779681817089923501_n.jpg
690665322_1549015740566388_6853090596923697032_n.jpg
690972375_1549015537233075_4289218422041768468_n.jpg
691746707_1549015160566446_8980887182135736242_n.jpg
694788396_1549015840566378_8516749581197890078_n.jpg
695510927_1549015290566433_7608582263263780464_n.jpg
695627014_1549015877233041_6500786276686347145_n.jpg
Алдыга
Артка
690089998_1549014910566471_8409211174940308614_n.jpg
688044193_1549015407233088_2736099185500575290_n.jpg
689026861_1549015680566394_2836830983802690737_n.jpg
689671568_1549015443899751_1293801253805047526_n.jpg
689851225_1549016077233021_8061883764058509087_n.jpg
690652427_1549015813899714_6676588400907798623_n.jpg
690676781_1549015220566440_3595577922118223754_n.jpg
691459887_1549015067233122_3392464507720147953_n.jpg
690730809_1549015600566402_8779681817089923501_n.jpg
690665322_1549015740566388_6853090596923697032_n.jpg
690972375_1549015537233075_4289218422041768468_n.jpg
691746707_1549015160566446_8980887182135736242_n.jpg
694788396_1549015840566378_8516749581197890078_n.jpg
695510927_1549015290566433_7608582263263780464_n.jpg
695627014_1549015877233041_6500786276686347145_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 07.05.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “Көгүлтүр Ысык-Көл”санаторийинин 60 жылдык мааракесине арналган салтанатка жана жаңы корпусунун ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы 97 орунга ылайыкталган жаңы үч кабаттуу имаратты көрүп чыгып, жаңыланган инфраструктурасы, анын ичинде бассейн жана термалдык булактар менен таанышты жана ошондой эле бак отургузду.

Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүндө президент сөз сүйлөп, туризмди жана санаторий-курорт тармагын өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт экенин айтты. Мамлекет башчысы Кыргызстандын уникалдуу жаратылыш шарттары бар экенин, аны калктын ден соолугун чыңдоо жана экономиканын өсүшү үчүн натыйжалуу пайдалануу керектигин баса белгиледи.

Садыр Жапаров акыркы жылдардагы позитивдүү өзгөрүүлөрдү атап өттү: башкаруунун натыйжалуулугу артып, инфратүзүмдү жаңылоо үчүн шарттар түзүлүп, кызмат көрсөтүүнүн сапаты да жакшырууда. Санаторий объектилерин президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү алардын өнүгүшүнө кошумча түрткү берип, экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшүнө шарт түздү.

Мисал катары “Ысык-Ата” жана “Жети-Өгүз”санаторийлеринин жаңыланышы, “Жыргалаң” курортун өнүктүрүү жана “Улан” балдардын ден соолукту чыңдоо борборун реконструкциялоо айтылды.

Ошондой эле “Көгүлтүр Ысык-Көл”санаторийинде ири масштабдагы жаңылоо иштери жүргүзүлүп, корпустар капиталдык оңдоодон өткөрүлгөнү, материалдык-техникалык база жаңыртылганы жана амфитеатр менен термалдык булактар сыяктуу жаңы объектилер курулганы белгиленди. Жаңы корпус акыркы 40 жыл ичинде алгачкы жолу курулуп жатат.

Президент финансылык көрсөткүчтөр кыйла өскөнүн: акыркы эки жылда таза киреше эки эседен ашык көбөйгөнүн, ошол эле учурда кызматкерлердин айлык маянасы да жогорулаганын белгиледи.

Ошондо эле мамлекет башчысы айрымдардын “президенттин Иш башкармалыгы бир топ мекемелерди, анын ичинде Санариптик өнүгүү министрлигин да өзүнө алып, өзүнчө эле өкмөт болуп алды. Дегеле Иш башкармалыгы көзөмөлдөн чыгып бараткандай” деген сөздөрүнө дагы жооп берди.

“Түз эле айтайын, Иш башкармалыгы эч кандай көзөмөлдөн чыккан жок. Жогорку Кеңеш деген бар, министрлер кабинети деген бар, күч органдары бар. Булардын бири айтпаса, дагы бири айтат да, Иш башкармалыгынын ишмердүүлүгү тууралуу. Кантип эле баары Иш башкармалыгынын көзүн карап калсын. Санариптик өнүгүү министрлиги өзүнчө министрлик болуп түзүлгөндүгүнө беш жылдын жүзү болду. Алдына коюлган милдеттерин аткара албай келаткандыгынан улам, анын айрым мекемелерин Иш башкармалыгына берип көрдүк эле, иш кыска аралыкта кадимкидей жыла баштады”, - деди Садыр Жапаров.

Натыйжада, президент кошумчалагандай, министрликти жоюп, анын айрым функцияларын Иш башкармалыкка өткөзүп берүү чечими кабыл алынган. Мамлекет башчысы министрлик иштеп турганда бюрократия болуп, же бири-бирине шылтоо менен иш мынчалык жылгабаганына токтолду.

Садыр Жапаров акыркы беш жыл ичинде дээрлик ар бир тармактагы реформа олуттуу каршылыктарга туш болуп келгенин айтты.

“Кайсы гана тармакта болбосун, сөзсүз бирөөлөрдүн — мейли мурдагы аткаминерлердин же азыркы жогорку кызматтагы адамдардын жеке кызыкчылыктары бар болуп чыгат. Тармакта чыныгы өзгөрүүлөрдү баштай турган болсоң, дароо эле чыр-чатак уюштуруу башталат: блогерлерди, журналисттерди жалдап, соцтармактарда чатактарды күчөтүшөт”, — деп билдирди президент.

Садыр Жапаров 2021-жылы Кумтөр алтын кенин толугу менен мамлекеттин көзөмөлүнө кайтаруу маселесин мисал келтирди. Ал учурунда “кенди алганга мүмкүн эмес, өлкө эл аралык соттук иштерге батып калат” деген пикирлер айтылганын белгиледи.

“Эсиңиздердеби, ошондо “алганга мүмкүн эмес, 3 млрд ашык доллар төлөйбүз” деп башташкан. “Эл аралык сот кыргыздын соту эмес…” дешкен. Чечип алдыкпы мына. “Кумтөр” жүз пайыз өзүбүзгө өттү. Мына ошонун эсебинен айлыгыңар көтөрүлүп жатат, пенсия-пособие көтөрүлүүдө. Курулуштар кызуу жүрүп жатат. Аскердик техникаларды алып жатабыз, жолдор курулууда. Мектептерди, бала бакчаларды салып жатабыз. Мына чындап жыйынтыгын берип жатат”, - деп белгиледи президент.

Садыр Жапаров ошондой эле кесиптик бирликтер системасындагы реформаларды, “Унаа” ишканасында тартип орнотуу иштерин, “Кыргыз темир жолу” компаниясынын өз каражатына курулуп жаткан темир жол Кочкорго чейин жетип, андан ары Кара-Кечеге карай уланып жатканын, ошондой эле 11 аэропорт жаңыланып, Жалал-Абадда жаңы аэропорт курулуп жатканын эске салды.

Президент чек ара маселелерин Кыргызстандын пайдасына чечүүдө да каршылыктар болгонун да айтып өттү. Айрым күчтөр ар кандай жолдор менен бул процессти үзгүлтүккө учуратууга жана чыңалууну сактап калууга аракет кылышкан.

“Ошондуктан, урматтуу мекендештер, ар кандай реформаларды жасаганда ызы-чуу чыгаргандардын экинчи тарабын дагы эсиңиздерге тутуп коюңуздар”, — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле санаториялык-курорттук тармакты өнүктүрүү улуттун саламаттыгына жана өлкөнүн келечегине болгон инвестиция катары караларын өзгөчө белгиледи. Буга байланыштуу тармакты өнүктүрүү боюнча бардык негизги процесстер анын жеке көзөмөлүндө турат.

Садыр Жапаров сөзүнүн аягында санаторийдин жамаатын маарекеси жана жаңы корпустун ачылышы менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди жана өнүгүүнү каалады.

Иш-чара жергиликтүү эстрада жылдыздарынын майрамдык концерти менен аяктады.