Эскилиги жеткен санаторийлер жаңыланып, туристтердин агымы көбөйдү

Коом Загрузка... 16 Апрель 2026 20:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Эгемендүүлүк алгандан бери өлкөдө Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы акысыз жолдомолорду берүү менен гана элге таанымал эле. Убагында мактоого татып, жакынкы өлкөлөрдүн эс алуучуларын да кабыл алган курорт-санаторийлер жыл өткөн сайын эскирип, айрымдары жараксыз абалга келгени маалым. Акырында федерация тараткан акысыз жолдомолорду алгандар ден соолукту чыңдоочу объекттердин кейиштүү абалын көрүшүп, бекер да эс алгылары келбей калган. Мындан 3 жыл мурда объекттерди президенттин Иш башкармалыгынын карамагына убактылуу башкарууга өткөрүү чечими кабыл алынган. “Кабар” агенттиги аталган башкармалыкка өткөрүлгөндөн бери курорт-санаторийлерде кандай өзгөрүүлөр болгонуна саресеп салды.

vanny_djergalan

2023-жылы мамлекет башчысы Садыр Жапаров объекттердин кейиштүү абалын көрүп чыгып, жеке көзөмөлүнө алган. Бул иштердин алкагында 2024-жылдын март айында президенттин Иш башкармалыгынын астында “Санаторий-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объекттердин ишин башкаруу боюнча дирекция” түзүлүп, объекттерди иретке келтирүү милдети жүктөлгөн.

komnaty_s_vannami

Аталган дирекциянын директору Данияр Токтотемиров “Кабар” агенттигине билдиргендей, Кесиптик бирликтер федерациясынан жалпы 16 объектти өткөрүп алуу пландалган. Бүгүнкү күндө анын 15и кабыл алынып, калган бир объект боюнча соттук териштирүүлөр жүрүүдө.

WhatsApp Image 2026-04-16 at 16.21.26

Данияр Токтотемиров президенттин Иш башкармалыгынын карамагына алынган 15 объектти тизмектеп берди:

  1. “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийи;
  2. "Ысык-Көл" эс алуу үйү;
  3. "Чолпон-Ата" эс алуу үйү;
  4. "Жети-Өгүз" санаторийи;
  5. "Жалал-Абад" санаторийи;
  6. "Ош" пансионаты;
  7. "Ысык-Ата" санаторийи;
  8. "Арстанбап" пансионаты;
  9. "Улан" балдардын ден соолугун чыңдоочу борбору;
  10. "Арстанбап-Ата" турпансионаты;
  11. "Достук" мейманканасы” ААК;
  12. "Ала-Тоо" эс алуу үйү;
  13. "Кыргызстан" санаторийи;
  14. "Саякат" мейманканасы;
  15. Ош жана Бишкек турбазалары.
“Бул объекттердин ичинен болгону экөөнүн “Көгүлтүр Ысык-Көл” жана “Жалал-Абад” санаторийлеринин абалы гана салыштырмалуу жакшы деп бааланган. Калгандарынын инфраструктурасы эскирип, кардарларды тейлөөгө шарты жоктугу аныкталган”, — деди Данияр Токтотемиров.

Ошондой эле ал мекемелердин финансылык абалы да өтө начар болуп, карызга кептелгенин кошумчалады. Дирекция бул маселени чечип, учурда карызы бар бир дагы мекеме калган жок.

WhatsApp_Image_gM5kfC5.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

“Биз карамагыбызга өткөн объекттерди реконструкциялоо иштерин колго алдык. Оптимизация жүргүзүп, бухгалтерияны иретке келтирдик жана жаңы киреше булактарын таптык. Маселен, “Ысык-Ата” санаторийинде жаңылоо иштеринин биринчи этабы жыйынтыкталып, пайдаланууга берилди. Ошол эле учурда кошумча курулуштар уланууда.

Ал эми 17 гектар аянтты ээлеген “Улан” балдардын ден соолугун чыңдоочу борбору толук реконструкциядан өттү. Быйыл жайында балдарды кабыл алууга даяр. Ал жакта спорттук аянтчалар, заманбап ашкана жана бардык керектүү шарттар түзүлдү. Алдыда борборду жыл бою иштетүү пландалууда.

Ошондой эле “Жети-Өгүз” санаторийинде учурда масштабдуу иштер жүрүүдө: көпүрөлөр оңдолуп, дарылоо корпусу менен жатаканасы жаңыдан салынууда. Инфратүзүмү жаңыланып, амфитеатр курулуп жатат”, — деп белгиледи дирекциянын жетекчиси.

Объекттерди жаңылоого жеке инвестициялар да тартылууда. Алсак, “Достук" мейманканасы” ААКтын 36% үлүшү мамлекетке карайт. Имаратты сактап калуу жана жаңылоо максатында инвестиция тартылып, кирешени үч эсеге жогорулатуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Реконструкция толук бүткөндөн кийин, ижара акысы жылына 1 млн 200 миң АКШ долларын түзмөкчү.

News_301162251410984126385895781754674990885

“Саякат” мейманканасы боюнча инвесторлор менен келишим түзүлдү. Келишимге ылайык, объектке 5 млн доллардан жогору инвестиция салынат. Имараты эскирип калгандыктан, аны толук жаңылоо жана жанына кошумча заманбап имараттарды куруу чечими кабыл алынган. Инвестор курулуш жүрүп жаткан учурда да ижара акысын төлөп турууга макулдугун берди. Оңдоо иштери аяктагандан кийин ижара акысы дагы жогорулайт.

Ал эми иштеп жаткан “Көгүлтүр Ысык-Көл” жана “Жалал-Абад” санаторийлеринин кирешеси кыйла артты. Алардын таза кирешеси эки эсеге жогорулап, 64 млн сомго жетти. Бул каражаттар учурда санаторийлердин инфраструктурасын жаңылоого жана конокторго заманбап шарттарды түзүүгө жумшалууда.

Дирекциянын жетекчиси Данияр Токтотемиров белгилегендей, 2025-жылдын жыйынтыгы менен ишке берилген объекттерден жалпы 800 млн сомго жакын киреше түшкөн. Бул көрсөткүч объекттер Кесиптик бирликтер федерациясынын карамагында турган кезге салыштырмалуу 2,5 эсеге жогору.

WhatsApp_Image_2025-06-09_at_16.30.58.width-800

“Жыргалаң” санаторийи кышы-жайы дебей эс алуучуларды кабыл алууда

"Жыргалаң" санаторийи Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан. Ал Каракол шаарынан 11 чакырым, Балыкчыдан 200 жана Бишкектен 386 чакырым алыстыкта орун алган.

Мекеменин башкы өзгөчөлүгү дарылык касиетке ээ минералдык суулары. Анын температурасы +38 градустан +43 градуска чейин жетет. Санаторийдеги дарылык суулар жана баткактар сөөк, нерв, тери жана гинекологиялык ооруларды дарылоодо жогорку натыйжа берет.

376826883_768760345258602_2613613563621696298_n-1-1200x800

"Жыргалаң" санаторийинин директорунун орун басары Акыл Дүйшөбаев биздин агенттикке билдиргендей, президент Садыр Жапаров санаторийди өз көзү менен көрүп, имараттарды жаңылап салууну тапшырган. Анткени эски имараттар пайдаланууга жарабай калган. Он имараттын үчөөнү гана оңдоп-түзөсө болору белгиленген.

Бул санаторийде 2023-жылдын апрель айында курулуш иштери башталган. Санаторий толук кандуу 2024-жылдын башынан тарта кардарларды кабыл алууда.

376834637_768760451925258_1923077863412175571_n-1-1200x800
“Учурда санаторий 322 орунга ылайыкталган. Анда 74 коттедж, 4 корпус, 6 бассейн жана ашкана бар. Президенттин катышуусу менен расмий ачылгандан бери дагы бир топ курулуш иштерин жүргүзүүгө жетиштик. Дарылоочу корпус, спорт жана балдар аянтчалары, кофейня курулду. Учурда СПА борбору салынып жатат. Курулуш иштери 3-4 айдын ичинде бүтүп калат деп пландап жатабыз”, - деди ал.

“Жыргалаң” санаторийинин кирешесине көз чаптырсак:

  • 2023-жылы – 15 млн сом;
  • 2024-жылы – 88 млн сом;
  • 2025-жылы – 132 млн сом.
“Кирешенин көбөйүшүн жаңыртылган шарттар, элге көрсөтүлгөн кызматтардын жакшырганы тастыктап турат. Дарылык касиети бар бассейнге келгендердин санын эске алганда, бир жылда болжол менен 40 миңден ашык эс алуучу келген. Анткени дарылык касиети бар минералдык ысык суу 1600 метр тереңдиктен чыгат. Ошол себептүү бул жерге келип дарыланууга кызыккандар көп”, - дейт директордун орун басары.
WhatsApp_Image_Z4uhQrK.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

"Ысык-Ата" санаторийи чет элдик туристтердин кызыгуусун жаратууда

Кирешеси көбөйүп, жергиликтүү жана чет элдик эс алуучуларга кызмат көрсөткөн санаторийлердин катарын “Ысык-Ата” санаторийи да толуктайт. 2024-жылдын 17-декабрында Чүй облусундагы "Ысык-Ата" санаторийи оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин ачылган. Санаторий Кыргызстанда гана эмес, Борбор Азияда ысык суулары менен белгилүү болгон курорттордун катарына кирет. Тоо койнундагы санаторий Бишкек шаарынан болгону 78 чакырым алыстыкта жайгашкан.

WhatsApp_Image_k4EaYVr.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

"Ысык-Ата" санаторийинин директору Элмира Усенова "Кабар" агенттигине маалымдагандай, буга чейин санаторийдин имараттары эскилиги жетип, абалы начар эле.

WhatsApp Image 2026-04-17 at 05.44.48

Ал эми кызматкерлердин эмгек маянасы 9 ай бою берилбей калган. Ошол кезде маяналары 2-3 миң сомду түзгөн. Санаторийдин карызы болсо 16 миллион сомго жеткен.

WhatsApp Image 2026-04-16 at 16.21.36

“Бүгүнкү күндө бул карыздардын баары төлөнүп бүттү. Учурда кызматкерлердин эмгек маянасы орточо эсеп менен 30 миң сомго жетет. Кирешени көбөйтүп, эмгек акыларды дагы жогорулатканга аракет кылуудабыз”, - деп айтты ал.

Санаторийде ири курулуш иштери жүрдү. 12 даана А-фрейм заманбап үйлөрү даана курулуп, эски имарат толугу менен бузулуп, ордуна жаңы коттедждер курулду. Мындан тышкары эки корпус салынып, дагы экөөндө курулуш иштери аяктап калды. Азыр капиталдык ремонттон өткөн эки чоң жатакана бар, алардын бирөөсү эки кабаттан, экинчиси үч кабаттан турат.

"Санаторийибиздеги бейтапкана буга чейин абдан оор абалда болчу. Азыр ичи толугу менен жаңыланды. Ылай менен дарылаган, ванналар коюлган жерлер толугу менен оңдолду. Бейтаптарга үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүү үчүн дарылоого мамлекеттин каражатынын эсебинен 18 млн сомго жаңы керектүү жабдуулар сатылып алынды. Мурдагы ашкана да аябай начар абалда болчу. Азыр 300 орундуу жаңы ашкана салынууда, 1-майга чейин курулушу толук бүтөт деп турабыз. Жайкы сезонго чейин бул иштерди бүтүрүүгө аракеттер жүрүүдө”, - деп белгиледи Элмира Усенова.
WhatsApp_Image_8FXssBF.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Санаторийге келгендердин санына токтолсок, ички туристтерден тышкары, Россия, Казакстан, Европа өлкөлөрүнөн келген чет элдик туристтер арбыды. Анткени реконструкция иштерине чейин 100дөй гана бөлмө болгон. Азыр санаторий 200 кишини кабыл ала алат. Күзгө чейин бул көрсөткүчтү 500гө чейин көбөйтүү планы коюлууда.

“Биздин санаторийге эс алууга келүүнү каалаган жарандарыбыз абдан көп. Бир аз кезекке туруп калып жатышат. Ошого карабастан 300 кишини кабыл алып жатабыз. Сезондо санаторийде бош орундар жокко эсе болот. Эс алуучулар азыртан эле алдын ала июнь айына номерлерди брондоп жатышат. Санаторий жыл бою иштөөгө ылайыкталгандыктан, төрт мезгил тең эс алуучулардын агымы үзүлбөйт”, - деди санаторийдин директору.

Дагы бир айта кетүүчү жагдай, учурда Кыргызстан кесиптик бирлигине караган мүлктөрдүн саны жана менчикке өтүп кеткендерин кайтарып алуу маселеси турат.

Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясына деп мамлекет тарабынан жыл сайын жумушчулардын эс алуусуна, профсоюз мүчөлөрүнө каражаттар бөлүнүп келген.

Алсак:

2013-жылы 192 млн сом;

2023-жылы 400 млн сом;

2025-жылы 750 млн сом.

Башка жылдардан калган акча каражаттарын эсептеп чыкканда, жалпы чогулган 2 млрд сом санаторий-курорт, лагерлерге жумшалган.

Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулунун айтымында, 2023-жылы санаторийлерге жолдомо берүүгө убактылуу мораторий киргизилген.

“2024-жылдын февраль айынан бери федерацияда инвентаризация жүргүзүү иштерин баштаганбыз. Анын жыйынтыгы боюнча, жалпысынан бизде 350 миң мүчөбүз бар. Буга чейин федерация кишинин санын 700 миңден 1 миллионго чейин көбөйтүү менен туура эмес маалымат берип келишкен. Кыргызстанда 3 млн жумушчу болсо, ошонун 10%ы гана профсоюзга мүчө”, - деди ал.

Ошондой эле Мурадил Жумадилде уулу белгилегендей, 2023-жылы президенттин Иш башкармалыгына өткөн 15 объекттен тышкары, дагы федерациянын карамагында мүлктөр бар. Алардын басымдуу бөлүгү ижарага берилет. Ал эми мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткендери кайтарылып алынууда.

WhatsApp Image 2026-04-16 at 16.26.52
“Башкы прокуратурага убагында мыйзамсыз сатылып кеткен мүлктөр боюнча баш-аягы 137 доо арыз менен кайрылганбыз. Учурда 46 объект боюнча соттук териштирүүлөр жүрүүдө. Мүлктөрдүн саны эмнеге көп десеңиздер, мисалы, 1 гектар жер болсо, аны он кишиге бөлүп сатып жиберген учурлар бар. Ошондуктан доо арыздардын саны да көп. Эки жылдын ичинде 28 жер тилкеси жана 5 объект толугу менен мамлекетке, үч объект мэриянын карамагына өттү. Кайтарылган объекттердин саны дагы да өзгөрүп жатат. Дагы 50дөй объект боюнча доо арыз менен кайрылабыз”, - деди ал.

Ошондой эле Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын иши толугу менен санариптештирилүүдө. Жаңы тиркеме иштелип чыгууда. Ал жылдын аягы менен ишке киргизилет. Анда ар бир мүчө акчанын кайда коротулуп жатканын көрө алат. Экинчиден, жолдомолорду онлайн түрдө алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бул иштердин бардыгы Профсоюз федерациясында мурдагыдай акча кымырып алууга, кызматкерлердин санын жасалмалап көбөйтүүгө жол бербейт деп айтылууда. Эс алууга деп бөлүнгөн каражат жаңы имараттарды салууга, эс алуу үчүн шарттарды түзүүгө жумшалмакчы.

WhatsApp_Image_Ie3Vydy.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Санаторий-курорттордун мамлекетке өтүп, реабилитацияланып жатканы туура кадам болду деп эсептейт экономист Кубан Чороев. Анын пикиринде, узак жылдар бою туура эмес башкарылып, жараксыз абалга келген активдер кайра жанданууда. Имараттарды калыбына келтирүү жергиликтүү жумуш орундарын түзөт, ички туризмдин инфраструктурасын чыңдайт, бул айрыкча Ысык-Көл жана башка курорттук аймактар үчүн маанилүү.

WhatsApp_Image_nouhVkB.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

“Кирешенин өсүшү да активдердин иштеп баштаганын көрсөтүп турат. Санаторийлер жөн гана объект эмес, жергиликтүү айыл чарба, кол өнөрчүлүк, транспорт, гид кызматтары менен байланышкан экосистеманын бөлүгү. Пайданын бир бөлүгү бул байланыштарды чыңдоого жумшалса, пайда да көбөйөт. Мындан ары да курорттук жайларда процесстин ачыктыгы, туура башкаруу моделинин болушу маанилүү”, - деп белгиледи экономист.