29-май – Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн күнү

Коом Загрузка... 29 Май 2026 19:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Данияр Исанов

Бардык материалдар

Ата Мекен – жөн гана жер эмес. Ал, ата-бабанын изи калган касиеттүү конуш, бешик ырын ырдаган эненин үнү, ыйык топурак, балалыктын күлкүсү жаңырган айыл, элдин тарыхы менен тагдыры камтылган улуу түшүнүк. Адам баласы дүйнөнүн кайсы бурчунда жүрбөсүн, жүрөгүнүн түпкүрүндө Мекенге болгон сүйүүсү түбөлүк жашайт. Анткени Мекен – адамдын руханий тиреги, улуттун намысы жана келечеги!

Кыргыз – эзелтен эркиндикти туу туткан эл. Манас атадан аманат калган Ала-Тоо койнун аман сактоо үчүн канчаларынын баштары ыргыды. Канчалары Мекен деп атып шейит кетишти!?

Мекен – сөзүнүн артында салмагы оор. Анты ыйык. Шерти бекем...

WhatsApp Image 2026-05-29 at 17.33.22.jpeg

* * *

Мекенди коргоо — ардактуу милдет. Элдин бейпил жашоосу, балдардын күлкүсү, энелердин тынч уйкусу дал ошол мекен сакчыларынын эмгеги менен камсыз болот. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү өлкөнүн коопсуздугун сактап, мамлекеттин көз карандысыздыгын коргоп келет.

Жоокер болуу жөн гана форма кийүүдө эмес. Бул – тартип, кайрат, чыдамкайлык жана антка берилгендик. Чыныгы жоокер өз элинин тынчтыгы үчүн кызмат кылат, керек болсо өмүрүн да арноого даяр турат.

29-май – Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөн күнү.

Бул күн мекен күзөтүндө турган аскерлерге, офицерлерге жана ардагерлерге болгон сый-урматтын күнү. Алардын кызматы көзгө анчейин көп көрүнбөсө да, мамлекеттин тынчтыгы үчүн мааниси өтө чоң. Ар бир жоокердин артында үмүт арткан эл, ишеними болгон мекен турат.

WhatsApp Image 2026-05-29 at 17.33.33.jpeg

* * *

Мекенди коргоо курал кармоо менен эле чектелбейт. Аны билим менен, ак эмгек менен, улутка кызмат кылуу менен да коргоого болот. Эл үчүн ак кызмат өтөгөн ар бир адам – Мекендин уулу!

WhatsApp Image 2026-05-29 at 17.33.13.jpeg

* * *

Биз, тынчтыктын, эркиндиктин жана биримдиктин баасын терең түшүнүп, ар бирибиз жүрөгүбүздө өлкөнүн өнүгүшү үчүн “мен кандай салым кошо алам?” деген суроо менен түйшөлүп жашоого милдеткербиз.

Кыргызстан Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн эр жүрөк жоокерлерибизге, офицерлерибизге, анын курамында эмгек өтөп жаткан кыздарыбызга өлкө алдында берилген антынан тайбай ак кызматы үчүн таазим этүү менен:

Жүрөктө Мекен, колдо курал болгон менен эл-жерибизде бейпилдик болуп, ар бириңиздердин үйүңүздөрдө береке орносун! – демекчибиз.