Бишкекте Энелер күнүнө карата "Жүрөктөн жүрөккө" жарманкеси өтөт

Ден соолук Загрузка... 14 Май 2026 18:40
unnamed.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. 16-май күнү саат 11:00дө "Бишкек Парк" соода-оюн зоок борборунда Энелер күнүнө жана Бүткүл дүйнөлүк гипертония менен күрөшүү күнүнө арналган "Жүрөктөн жүрөккө" жарманкеси өтөт.

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун маалыматына ылайык, конокторду дарыгерлердин акысыз кеңештери, ден соолукту текшерүү, чыгармачылык демилгелер, мастер-класстар, викториналар жана жагымдуу маанай күтөт.