"Жунда" заводунда модернизациялоо иштерин быйыл бүткөрүү пландалууда

Министрлер кабинети 07 Май 2026 17:05
69fc634c55db0-thumb.jpg
69fc634cb35e5-thumb.jpg
69fc6342d0ed2-thumb.jpg
69fc635a4224a-thumb.jpg
69fc635ab1cb8-thumb.jpg
69fc635ae755f-thumb.jpg
69fc6359b07f6-thumb.jpg
69fc63611a205-thumb.jpg
Алдыга
Артка
69fc634c55db0-thumb.jpg
69fc634cb35e5-thumb.jpg
69fc6342d0ed2-thumb.jpg
69fc635a4224a-thumb.jpg
69fc635ab1cb8-thumb.jpg
69fc635ae755f-thumb.jpg
69fc6359b07f6-thumb.jpg
69fc63611a205-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 07.05.26. /Кабар/. Бүгүн, 7-майда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кара-Балта шаарындагы “Жунда” Чайна Петроль Компани” жабык акционердик коомуна таандык мунайды кайра иштетүүчү заводуна барып, модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып көчмө жыйын өткөрдү. 

Отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын башчылары, заводдун жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.

Жыйында ички рынокту күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо максатында иш алып барууну көздөгөн заводдун учурдагы маселелери каралды. 

Ошондой эле заводдун модернизациялоо иштеринин учурдагы этабы жана өндүрүш объектилеринин даярдык деңгээли менен таанышуу болду. Бул заводдо индустриалдык паркты куруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышы боюнча маалымдалды.

Анда бул долбоордун өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүүдө, мунайды кайра иштетүүнү жогорулатууда жана жаңы жумуш орундарын түзүүдөгү маанилүүлүгү белгиленди.

Жыйындын соңунда тиешелүү мамлекеттик органдардын жана заводдун маалыматтары угулуп, талкуулангандан кийин бир катар тийиштүү тапшырмалар берилди. Модернизациялоо иштери быйыл бүткөрүлөрү пландалууда.