Кеминде согуш ардагерлеринин ысымдары ташка түшүрүлдү

Аймак Загрузка... 09 Май 2026 19:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.05.26. /Кабар/. Чүй облусунун Кемин районунун Бейшеке айылында Жеңиш күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлердин элесине арналган эстелик орнотулду. Бул тууралуу Кичи-Кемин айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалымдалгандай, Бейшеке айылынан Улуу Ата Мекендик согушка жалпысынан 76га жакын адам аттанган.

“Кандуу согушка кеткендердин ичинен 47-48 киши дайынсыз жоголуп, кайтпай калган. Атайын изилдөөлөрдүн натыйжасында такталган 76 атабыздын аты-жөнү эстелик ташка түбөлүккө жазылып калтырылды. Бул эстеликти тургузуу демилгесин айыл тургуну Калчаев Асанкадыр көтөргөн. Ал архивдик материалдарды тактап, согушка кеткен ар бир жарандын аты-жөнүн, алардын балдары жана неберелери тууралуу маалыматтарды кылдат изилдеп чыккан”, - дешти айыл өкмөтүнөн.

Белгиленгендей, эстелик таш келечек муун үчүн аталардын эрдигин унутпай, алардын жаркын элесине таазим кылып туруучу жай болуп калмакчы.