Бүгүн, 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы белгиленүүдө. Бул күнү 1941-1945-жылдардагы кан майданда орду толгус жоготуулар эскерилип, душманга каршы турган жоокерлердин эрдиги жана тайманбастыгына таазим этилет.
Фронтто жүз миӊдеген кыргызстандыктар эл-жеринин тынчтыгы үчүн өлүмгө тике карап салгылашкан, согуш учурунда ооруктун болуп көрбөгөндөй оор сыноолорун башынан өткөргөн. Кан майдандагы жоокерлердин тайманбастыгы Улуу Жеңишти камсыздоого чоң салым кошту. Алардын кашык каны калганча күрөшкөн каармандыгы жана баа жеткис эрдиги унутта калбайт. Анткени согуштун катышуучулары кайрат күчүн ачык асман жана тынчтыкты тартуулоого арнаган.
Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт!
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Кыргызстан да өзгөчө зор салым кошту. Жалпысынан 360 миңден ашык жоокерлер согушка аттанган. Бул ошол кезде өлкөнүн ар бир төртүнчү жашоочусу кан майданга кеткен дегенди түшүндүрөт. Улуу Жеңишке жетүүдө канчалаган өмүрлөр кыйылып, жүз миңдеген кыргыстандыктар согуштан үйүнө кайтпай калды.
Совет элинин жеңишке жетишине кан майдандагы жоокерлерге жөлөк-таяк болуп, күнү-түнү дебей оорукта эмгектенгендер дагы татыктуу салым кошушкан. “Бардыгы фронт үчүн!” деген ураан астында душманга каршы турган аскерлерге азык-түлүктөн баштап кийим-кечеге чейин жөнөтүшкөн.
Кыл чайнашкан майданда көрсөткөн эрдиги үчүн 150 миңден ашык кыргыз командирлери жана жоокерлери орден-медалдар менен сыйланган. Алардын жарымы Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болуп, Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Асанбек Оторбаев, Дайыр Асанов сыяктуу баатырлар мекен коргоонун үлгүсүн көрсөтүшкөн.

Убакыт зымырап өткөн сайын жылдан-жылга согуштун ардагерлеринин жана оорук эмгекчилеринин саны суйулуп баратат. Көзү тирүүлөрү дале болсо күүлүү-күчтүү, жаштарга акыл-насаат айтып, кадырлуу сый-урматтын үстүндө.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 23 ардагери жашайт, алардын ичинде Ленинград блокадасын башынан өткөргөндөр жана концлагерлердин мурдагы туткундары бар. Алардын ичинен жетөөсү — согуштун түз катышуучулары.
Аймактар боюнча:
Бишкек — 3;
Чүй облусунун Жайыл району — 2;
Нарын облусунун Ат-Башы району — 1;
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району — 1.
Мындан тышкары, өлкөдө концлагерлердин жашы жете элек 6 мурдагы туткуну жашайт: алардын 4ү Бишкек шаарында, бирден Жайыл районунда жана Жалал-Абад шаарында.
Ошондой эле Ленинград блокадасын башынан өткөргөн 10 адам бар: алардын 8и Бишкекте, бирден Сокулук районунда жана Балыкчы шаарында жашайт.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашев быйыл 102 жашта. Учурда ал үй-бүлөсү менен борбор калаада жашайт. Ардагер согуш башталган жылы 17 жашта болгон. 1942-жылы ал армияга чакырылып, СССРдин Ички иштер министрлигинин алдындагы темир жол аткычтар полкунда кызмат өтөгөн. Ардагер эскергендей, ошол маалда стратегиялык объекттерди кайтарып, душмандан коргогон.

Аспек Жумашев согуш аяктагандан соң жети жылдан кийин кайтып келген. Айылда катчы, колхоз жетекчиси болуп, бир катар кызматтарды аркалаган.
1950-жылы үй-бүлө куруп, ушул күнгө чейин жубайы экөө каралыктын бактылуу күндөрүн өткөрүп жатышат. Ардагердин жубайы Эсенбүбү Жумашева азыр 94 жашта. Учурда алардын 11 баласы, 21 небереси, 25 чөбөрөсү, 2 кыбырасы бар.

Аспек Жумашевдин кан майданда көрсөткөн кайраттуулугу, тайманбастыгы жана жоопкерчилиги жогору бааланып, ага II даражадагы “Улуу Ата Мекендик согуш” ордени ыйгарылган. Ошондой эле бир катар медаль жана ордендер менен сыйланган.

Элдин жаркын жашоосу, тынчтыктын өкүм сүрүшүнө согуш талаасында кан-жанын аябай, ысык-суукка карабай душмандын мизин кайтарган ардагер дүйнөдө тынчтык, бакубатчылык болуусун каалады.

9-май – Жеңиш күнүнө карата президент Садыр Жапаровдун чечими менен Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт.
Мамлекет башчысы кол койгон тескемеге ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин төмөнкү категорияларына 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку жардам төлөө үчүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине президенттин фондунан 4 млн 848 миң сом бөлүү тапшырылды (почта чыгымдарын эске алуу менен):
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;
- Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде нацисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундары болгон адамдар;
- 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген, "За оборону Ленинграда" медалы менен сыйланган адамдар жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдар.