Кыргызстанда 1-июндан ноябрга чейин альтернативдик Түндүк–Түштүк автожолу убактылуу пайдаланууга берилет. Өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарын байланыштырган жаңы трасса учурдагы жолдордогу жүктөмдү азайтат. Ал эми курулуш толук аяктагандан кийин Жалал-Абад облусу менен Балыкчы шаарынын ортосундагы жол жүрүү убактысы 13 сааттан 6 саатка чейин кыскарат.

Бул тууралуу “Кабар” агенттигине транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Тариэл Жаныбеков билдирди. Анын айтымында, жолдун туристтик мезгилде убактылуу ачылышы өлкөдөгү негизги автожолдорго түшкөн жүктү азайтууга жардам берет. Ошол эле учурда айдоочуларга транспорт каражаттарынын жүгү 11,5 тоннадан ашпоосу керектиги эскертилди.

Ал белгилегендей, учурда жолдун айрым тилкелеринде кыймыл коопсуздугун күчөтүү боюнча иштер уланууда. Тактап айтканда, Көк-Арт ашуусунун түндүк жана түштүк тарабындагы эң кооптуу тилкелерде үч эстакадалык көпүрө жана эки кар көчкүдөн коргоочу галерея курулуп жатат.

Көк-Арт ашуусунун алдындагы туннель долбоордун негизги объектилеринин бири болуп саналат. Анын узундугу 3890 метрди түзөт, туурасы 10 метрден 14 метрге чейин, бийиктиги 8,6 метр. Заманбап эки тилкелүү жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 8,5 метрге жетет. Туннелдин эки тарабында тең туурасы 0,75 метр болгон жөө адамдар өтүүчү жолдор каралган.

Мындан тышкары, жолдун 324-чакырымында көзөмөл-өткөрүү пункту курулууда. Альтернативдик трассанын 153-чакырымындагы “Дыйкан” постунда жана Балыкчы шаарында транспорттук көзөмөл пункттары иштейт. Ошондой эле Жалал-Абад облусунда жана Балыкчы шаарында жүк ташуучу унаалардын салмактык жана көлөмдүк талаптарды сактоосун көзөмөлдөгөн эки мобилдик топ иш алып барат.

“Альтернативдик Түндүк–Түштүк автожолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Анын ичинен болжол менен 200 чакырымы мурда жол болбогон аймактар аркылуу салынган. Долбоордун алкагында эки эстакадалык көпүрө курулуп, Кыргызстандагы эң узун туннел пайдаланууга берилди”, — деди министрдин орун басары.
Тариэл Жаныбековдун айтымында, жол толук пайдаланууга берилгенден кийин Жалал-Абаддан Балыкчыга чейинки жол жүрүү убактысы азыркы 13 сааттан болжол менен 6 саатка чейин кыскарат. Объекттин курулушун толук бүтүрүп, пайдаланууга берүү 2028-жылга пландалууда.

Деңиз деңгээлинен 2500 метрден ашык бийиктиктеги туннель
Түндүк–Түштүк альтернативдик автожолундагы туннель деңиз деңгээлинен 2521 метр бийиктикте жайгашкан. Ал трассанын курулушунун биринчи тилкесинде орун алып, Жалал-Абад облусундагы Манас шаарынан Тогуз-Торо районундагы Казарман айылына чейинки бөлүктү камтыйт. Бул тилкенин жалпы узундугу 125 чакырымды түзөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин инженери Айбек Калмаматовдун маалыматына ылайык, Көк-Арт ашуусундагы туннель толугу менен пайдаланууга даяр болуп, бардык зарыл текшерүүлөрдөн өткөн.
Коопсуздукту камсыз кылуу максатында туннелдин ичинде ар 300 метр сайын авариялык эвакуациялык чыгуулар каралган. Негизги туннелге катар туурасы төрт метр болгон эвакуациялык штольня курулуп, өзгөчө кырдаал жаралган учурда адамдарды ыкчам эвакуациялоого шарт түзүлгөн.

Адистин айтымында, жолдун сезондук режимде иштеши инженердик коргоо курулмаларынын курулушу дагы эле уланып жаткандыгы менен байланыштуу. Көп жылдык байкоолордун негизинде айрым тилкелерде кар көчкү жана сел коркунучу жогору экени аныкталган.

Ушуга байланыштуу долбоордо 18 коргоочу галереяны, 22 кар тосуучу тосмону жана кар көчкү менен сел агымдарын өткөрүүчү эки чакан эстакадалык көпүрөнү куруу каралган. Бул иштер аяктаганга чейин жол сезондук тартипте пайдаланылат.

Мындан тышкары, туннелдин ичинде ар 50 метр сайын видеокөзөмөл камералары орнотулган. Өзгөчө кырдаалдар үчүн 12 атайын коопсуздук пункту каралып, алар аркылуу адамдарды тез арада эвакуациялоо мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Заманбап коопсуздук системасы жана сутка бою мониторинг
Жол кыймылынын катышуучуларын маалымдоо үчүн кооптуу тилкелерге заманбап электрондук маалыматтык такталар орнотулган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин директору Эмилбек Таштаналиев билдирди.

Анын айтымында, жабдуулардын негизги өзгөчөлүгү — аларды алыстан башкаруу мүмкүнчүлүгү. Жол кырсыгы, таш кулоо, аба ырайынын начарлашы же башка өзгөчө кырдаалдар болгон учурда такталарда жолдун абалы, колдонулуп жаткан чектөөлөр жана өтүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат реалдуу убакыт режиминде көрсөтүлөт.

“Учурда мындай беш маалыматтык такта сутка бою иштеп жатат. Алар трассанын негизги тилкелерине, анын ичинде кооптуу аймактарга, түшүүлөргө жана эстакадалык көпүрөлөргө жакын жерлерге орнотулган. Келечекте мындай системалар жолдун бардык кооптуу тилкелерине жайгаштырылат”, - деди ал.
Ошондой эле трассанын эң татаал болгон болжол менен 260 чакырымдык борбордук бөлүгүндө жол тейлөө жана оңдоо пунктун түзүү пландалууда. Ал жерде эс алуу жайлары уюштурулуп, жол кызматкерлери сутка бою нөөмөттө турушат. Атайын техника жайгаштырылып, жыл бою пайдаланууга ылайыкталган жылуу гараж курулат.

Көк-Арт туннелинин коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулган. Анын иши сутка бою көзөмөлдөнөт. Эгерде зыяндуу газдардын көлөмү белгиленген чектен ашып кетсе, система автоматтык түрдө коңгуроо сигналын берет. Туннелдин ичинде туруктуу желдетүү системасы иштеп, абанын сапатын көзөмөлдөгөн үч сенсор орнотулган.

Аймак тургундары долбоорду кубаттоодо
Тогуз-Торо районунун тургуну, 38 жылдан бери жүргүнчү ташуу менен алектенген Урмат Токтожумаев жаңы жолдун курулушу жергиликтүү эл үчүн чоң окуя болгонун белгиледи.

“Мурда бул жол кандай болгонун жакшы билем. Бул жерде ушундай заманбап көпүрөлөр, туннель жана жаңы трасса пайда болот деп ким ойлоптур. Биз үчүн бул чоң кубаныч. Ушундай ири долбоорду ишке ашырганы үчүн президент Садыр Жапаровго жана Транспорт министрлигине ыраазычылык билдирем”, — деди ал.

Жергиликтүү тургундардын пикиринде, альтернативдүү Түндүк–Түштүк жолунун ишке кириши Кыргызстандын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп, өлкөнүн аймактарынын ортосундагы байланыштарды кыйла жакшыртат жана экономика менен туризмдин өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.