Өзгөчө кооптуу инфекция коркунучун жөнгө салуу боюнча атайын машыгуу өттү

Ден соолук 735 14 Май 2026 17:32
c70520e6-4dab-426a-bd15-efe9deaff023.jpg
0f1cbccb-d821-4e2f-bda6-87f989791f1b.jpg
5be601e1-cda4-4372-b44e-6af222a96409.jpg
5c6dddb5-ccee-4f26-b83c-66ec4f48068f.jpg
87a4925e-81ba-4bd1-a2e1-f2a751b0c648.jpg
639c8d21-4e88-4db1-b8a6-ae4f04daf9d3.jpg
91556543-8fb0-434e-aede-d6555cfd09de.jpg
bdc575b6-9182-41d7-96e8-7083eee3fe77.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги өзгөчө коркунучтуу инфекцияларга, анын ичинде хантавируска шектелген учурларга жооп кайтаруу боюнча ведомстволор аралык штабдык машыгуу өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда кооптуу вирус аныкталган учурда медициналык кызматтардын жана аэропорттун санитардык-карантиндик пункттарынын өз ара аракеттенүүсү текшерилди.

Ошондой эле ооруканалардын бейтаптарды обочолонтууга даярдыгы, биологиялык коопсуздук чаралары, лабораториялык диагностика жана кызматкерлердин жеке коргонуу каражаттары менен камсыз болушуна өзгөчө көңүл бурулду.

Машыгуунун жыйынтыгы саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысованын жетекчилиги алдында талкууланды. Кырдаал борборунда өткөн жыйында кызматтардын аракеттерине талдоо жүргүзүлүп, инфекциялык коркунучтарга жооп кайтаруу системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча кошумча чаралар иштелип чыгаары белгиленди.

Иш-чарага Оорулардын алдын алуу жана мамсанэпидкөзөмөл департаменти, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы, “Манас” аэропортунун кызматкерлеру, тез жардам кызматы жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.