Кыргызстанда негизги тамак-аш азыктарына болгон баа туруктуу - Антимонополия кызматы

Экономика 4 сентябрь 2025 17:05
WhatsApp_Image_LENeWgh.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_ekMOXs1.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_jONc9jx.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_sJRhQYV.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_GorC4jR.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_fnkZ5i1.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_h3N3IrH.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_J914q1x.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_KIGpi4b.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_Lhr3Bv8.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon KABAR Кабар

Бишкек, 04.09.25. /Кабар/. Кыргызстанда негизги тамак-аш азыктарына болгон баа туруктуу. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетектөөчү адиси Нурдан Пирматов билдирди.

2025-жылдын 3-сентябрына карата жүргүзүлгөн мониторинг боюнча бир катар азыктарга баалардын төмөндөшү байкалган.

Пирматов акыркы жылы биринчи сорттогу буудай уну, шекер, күрүч жана тооктун жумурткасы арзандаганын белгиледи. Анын айтымында, акыркы айда уйдун, койдун этинин, шекердин, күрүчтүн, картошканын, сабиздин жана пияздын баасы төмөндөдү. Ал эми соңку аптада сезондук жагдайларга байланыштуу күрүч, картошка, сабиз жана пияз арзандады.

"2025-жылдын апрелинен тарта эттин (уй жана кой этин) баасын жөнгө салуунун убактылуу механизми киргизилген. Анын алкагында 20 эт сатуу жайына айып салынып, белгиленген бааларды бузгандыгы үчүн 10 эскертүү берилген", - деди ал.

Өлкө боюнча август айына карата негизги азыктардын орточо баасы:

Күрүч( орто дандуу): 150,55 сом/кг

Күрүч (узун дандуу): 154,87 сом/кг

Буудай уну (жогорку сорттогу): 72,95 сом/кг

Буудай уну( биринчи сорттогу): 54,14 сом/кг

Нан (биринчи сорттогу ундан): 67,01 сом/кг

Тандыр нан: 103,40 сом/даана

Уй эти: 684,42 сом/кг

Кой эти: 689,43 сом/кг

Жылкынын эти: 604,37 сом/кг

Сүт (пастерленбеген, куюлган): 58,32 сом/литр

Тоок жумурткасы (10 даана): 105,56 сом

Күн карама майы: 173,65 сом/кг

Картошка: 54 сом/кг

Шекер, кант: 81,63 сом/кг

Кара байха чайы (100г): 110,26 сом

Көк чай (100 г): 79,40 сом.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын январь-июлунда 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө баалары жана тарифтер жалпысынан республика боюнча 4,7 пайызга өстү.

"Антимонополия кызматы социалдык маанилүү азык - түлүктөрдүн баасына жума сайын мониторинг жүргүзүп, алардын баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө үчүн соода түйүндөрүнүн өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат", - деп кошумчалады Пирматов.