Ташкент, 24.09.25. /Кабар/. Кыргызстанда чыгарылган жалпак айнекти Өзбекстандын базарына жеткирүү маселеси Ташкент шаарында өткөн жолугушууда талкууланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Данияр Убышев билдирди.
Анын айтымында, «Кыргыз Экспорт» борборунун директору Урмат Такиров иш сапарында Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушту.
«Жолугушууда Термездеги Эл аралык соода борборундагы Кыргызстандын соода павильонунун иши, жалпак айнектин импорттогу тоскоолдуктары жана импортту алмаштыруучу товарлар боюнча маалымат алмашуу маселелери көтөрүлдү», - деди Убышев.
Жыйынтыгында тараптар бул маселелерди биргелешип иштеп чыгуу боюнча макулдашты. Соода өкүлчүлүгү кыргыз-өзбек өнөктөштүгүн кеңейтүү жана Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу боюнча иштерди уланта бермекчи.