Кыргызстанда Намибия өлкөсүнүн паспорту даярдалды

Коом 10 июнь 2025 13:10
502566268_1525104058458514_5658604430745483329_n.jpg
504271980_1525104008458519_696480674913104859_n.jpg
504429436_1525104091791844_7453101542969358555_n.jpg
505194049_1525104161791837_2983369476852841745_n.jpg
505353945_1525104138458506_6834264741790063147_n.jpg
Алдыга
Артка
502566268_1525104058458514_5658604430745483329_n.jpg
504271980_1525104008458519_696480674913104859_n.jpg
504429436_1525104091791844_7453101542969358555_n.jpg
505194049_1525104161791837_2983369476852841745_n.jpg
505353945_1525104138458506_6834264741790063147_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 10.06.25. /Кабар/. Кыргызстанда Түштүк Африканын эки өлкөсүнүн паспорту даярдалды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, президенттин Иш башкармасына караштуу “Учкун” ачык акционердик коому менен Түштүк Африкадагы Намибия Республикасынын ортосунда 130 миң даана биометрикалык паспорт боюнча биринчи контракт буга чейин түзүлүп, даяр продукция ийгиликтүү жөнөтүлгөн. Намибия тарап чыгарылган документтердин сапатына жогорку баа берип, ыраазычылыгын билдирген.

"Бүгүн, 10-июнда Намибиянын расмий делегациясы Бишкекке келип, экинчи контрактты түзүү боюнча расмий жолугушуу өткөрүштү. Ошондой эле алар муну менен гана токтоп калбастан, башка тармактарда дагы “Учкун” менен кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.

Бул ири жетишкендик — президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана саясий эрки менен мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгү өнүгүп, өлкөнүн полиграфиялык тармагы эл аралык деңгээлге чыгып жаткандыгынын ачык далили", -деп жазды Туманбаев.

Ал мурда Кыргызстан өзүнүн биометрикалык паспортторун чет өлкөлөрдө — башка мамлекеттердин заводдорунда чыгартып келгенин, бүгүнкү күндө тескерисинче, Кыргызстан өзүндө өндүрүлгөн жогорку сапаттагы документтерди чет мамлекеттерге экспорттоп, атаандаштыкка жөндөмдүү өлкөгө айланып бара жатканын белгиледи.