Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарына психолог кызмат орду киргизилди.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, министрлер кабинетинин тиешелүү токтому өсүп келе жаткан муундун психикалык саламаттыгын сактоо жана чыңдоо максатында кабыл алынды.
Документке ылайык, мектептердеги психологдордун штаттык бирдиги окуучулардын санына жараша аныкталат. 100дөн 275ке чейин окуучусу бар мектептерде – 0,25 штаттык бирдик, 276дан 550гө чейин – 0,5, ал эми 551 жана андан көп окуучусу бар билим берүү уюмдарында – 1 штаттык бирдик каралат.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.