Кыргызстанда мээ шишигин дарылоо үчүн гамма бычагын орнотуу пландалууда

Ден соолук Загрузка... 16 Май 2025 18:18
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборуна гамма бычагын орнотуу пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Нурбек Букуев билдирди.

“Бизде гамма бычак үчүн өзүнчө имарат курулат. Бул мээнин жана жүлүндүн шишиктерин, ошондой эле кээ бир кан тамыр шишиктерин дарылоодо колдонулуучу аппарат. Учурда апаратты алуу макулдашуу баскычында турат”,-деди ал.

Ал белгилегендей, жабдыктар республикалык бюджеттин эсебинен алынып, бир жылдын ичинде ишке киргизүү пландалууда.

“Экинчи этапта радионуклиддик фармацевтика чыгарылып, диагностика үчүн гана эмес, онкологиялык ооруларды дарылоо үчүн да колдонула турган Ядролук медицина клиникасынын курулушу кирет. Учурда долбоорду ишке ашыруу боюнча даярдык иштери жүрүп жатат”,-деди ал.

Маалымат үчүн: Гамма бычак мээнин жана жүлүндүн шишиктерин дарылоодо колдонулган жогорку тактыктагы медициналык аппарат. Ал хирургиялык кийлигишүүсүз, дени сак кыртыштарга таасир этпестен, жабыркаган аймактарды жогорку тактыкта нурлантууга мүмкүндүк берет. Залалдуу шишиктерди, ошондой эле кан тамыр патологияларын дарылоодо кеңири колдонулат. Мындай жабдуулардын баасы дүйнөлүк рынокто болжол менен 5-6 млн АКШ долларын түзөт.