Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Бишкекте медициналык илимди өнүктүрүү жана илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын саламаттык сактоо тармагында колдонуу маселелери талкууланды.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, 11-ноябрда өткөн тегерек столго мамлекеттик органдардын, илимий жана билим берүү мекемелеринин, медициналык коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Анда медициналык илимий кадрларды даярдоо, баштапкы медициналык-санитардык жардамдагы изилдөөлөрдү кеңейтүү жана илимий далилдерди медициналык практикага киргизүү маселелери каралды.
Ошондой эле эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, илимий изилдөөлөрдү колдоо жана саламаттык сактоонун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо боюнча пикир алмашуу болду.