Баткендин өздүк кирешеси 2020-жылга салыштырмалуу эки эсеге өстү — Садыр Жапаров

Аймак 11 октябрь 2026 15:30
Баткендин өздүк кирешеси 2020-жылга салыштырмалуу эки эсеге өстү — Садыр Жапаров
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.10.26. /Кабар/. Баткен облусунун жергиликтүү бюджеттеринин өздүк кирешелери 2026-жылдын тогуз айында 1 млрд 683 млн сомго жетип, 2020-жылга салыштырмалуу өздүк кирешелер 2 эсеге көбөйүү менен 777 млн сомго өстү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун жашоочулары жана активи менен жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчысы алдыга коюлган максаттарга жетүү аймактарды өнүктүрүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгилеп, Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү көрсөткүчтөргө токтолду.

Анын айтымында, 2020-жылы Баткен облусунун жергиликтүү бюджеттеринин өздүк кирешелери 905 млн сомду түзгөн. Ал эми 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 1 млрд 683 млн сомго жеткен.

“Биздин негизги максатыбыз — аймактарды республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарга гана көз каранды кылбастан, жер-жерлерде өндүрүштү, ишкердикти, сооданы, айыл чарбасын жана кызмат көрсөтүү тармагын өнүктүрүү аркылуу өз кирешелерин көбөйтүү”, — деди президент.

Ошондой эле 2026-жылдын тогуз айында Баткен облусунун жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттен кошумча 4 млрд 517 млн сом бөлүнгөн.

Президенттин маалыматына караганда, жергиликтүү бюджетти жана аймактарды өнүктүрүүгө байланыштуу тогуз айда жалпысынан 6 млрд 200 млн сомго жакын каражат топтолуп, өздөштүрүлүүдө.

“Жыл сайын өсүп жаткан мындай көрсөткүчтөргө жетишүү менен бирге, бөлүнгөн каражаттарды туура жана натыйжалуу пайдалануу да өтө маанилүү”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөдө экономикалык өнүгүүнүн пайдубалы түптөлүп, социалдык-маданий турмуштун бардык багыттарында өзгөрүүлөр болуп жатканын белгиледи.