Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Баткен — Кыргызстандын туризм тармагындагы ачыла элек мүмкүнчүлүктөргө бай аймак. Бул тууралуу Курорттор ассоциациясынын президенти, туризм боюнча эксперт Азамат Жаманкулов "Кабар" агенттигине берген комментарийинде билдирди.
Анын айтымында, Баткен туристтерди өрүк бактарынын гүлдөгөн мезгили, Мадыгендин өзгөчө ландшафттары, байыркы петроглифтери, сырдуу үңкүрлөрү, аскага чыгууга ылайыктуу жерлери жана улуттук кол өнөрчүлүгү менен кызыктыра алат.

"Мен жакынкы жылдары Баткенге келген туристтердин саны көбөйөрүнө ишенем. Мисалы, Японияга сакура гүлүн көрүү үчүн баргандай эле өрүк гүлдөө фестивалына адамдарды тартууга болот", — деди Жаманкулов.
Ошондой эле ал Мадыген аймагы ЮНЕСКОнун глобалдык геопаркы статусуна ээ болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин белгиледи. Байыркы петроглифтер аймактын тарыхын таанытса, үңкүрлөр өзгөчө таасирлерди издеген туристтерди тартат. Келечекте Баткенде аскага чыгуу боюнча эл аралык мелдештерди өткөрүп, жергиликтүү килемдерди, күрүчтү жана өрүктү туристтер үчүн өзгөчө белек катары сунуштоого болот.

Эксперттин пикиринде, бул мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу туристтик маршруттарды түзүү, конок үйлөрүн ачуу, кесипкөй гиддерди даярдоо жана жергиликтүү кол өнөрчүлөрдү колдоо зарыл.
"Эң негизгиси — туризмди жергиликтүү тургундар менен бирге өнүктүрүү. Ал үй-бүлөлөргө киреше алып келип, Баткендин жаратылышын, тарыхын жана салттарын сактоого жардам бериши керек", — деп белгиледи ал.