Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча бир айлык жарыяланды

Коом Загрузка... 16 Сентябрь 2025 17:00
1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. 5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата бир айлык жарыяланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бир айлыктын алкагында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу максатында өлкө аймагында куткаруучулар жарандык коргонуу кызматтары менен тыгыз кызматташтыкта иштеп, кыргызстандыктарды коопсуздук эрежелерин сактоого чакырык жасайт.

"Бул күндөрү атайын жүрүштөр уюштурулуп, бардык ишканаларда, билим берүү жана башка мекемелерде табигый жана техногендик кырдаалдар катталганда жарандар өзүн алып жүрүүнү, коопсуздук эрежелерин сактоону камтыган машыгуулар, иш-чаралар байма-бай өткөрүлмөкчү", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми орто мектептеринде "Жаш куткаруучу", "Жаш инспектор" сынактары өткөрүлүп, окуучулар кырсыктардын алдын алуу билимдерин чыңдап, тажрыйба жүзүндө көрсөтүшөт.

Иш-чаранын негизги максаты – кырсыктардын алдын алуу, тобокелдиктерди азайтуунун натыйжаларын коомчулукка жеткирүү болуп саналат.