Кыргызстанда кыргыз-өзбек өнөр жай ишканасын ачуу пландалууда

Экономика Загрузка... 14 Июль 2025 16:54
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 14.07.25. /Кабар/. Кыргызстандын Ташкенттеги Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен "Ош шаардык токулбаган материалдар фабрикасы" жана Өзбекстандын Eko Prom Energo компаниясы кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту.

Документтин алкагында Кыргызстанда биргелешкен өнөр жай ишканасын түзүү каралууда. Максат — заманбап технологияларды киргизүү, импортту алмаштыруу саясатын ишке ашыруу жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү аркылуу өнөр жай тармагын өнүктүрүү.

Алгачкы баскычта тараптар жогорку технологиялуу жабдууларды жеткирүү жана орнотуу боюнча биргелешкен ишкана түзөт. Анын алкагында көмүр, термомай жана газ менен иштеген суу жана буу казандары, трансформатордук подстанциялар, энергиялык моноблоктор, суюлтулган көмүр суутек газын (СКГ) сактоочу резервуарлар жана тазалоо курулмалары өндүрүлүп, орнотулат.

Кийинки этапта жабдуулардын жана инфраструктуралык чечимдердин жергиликтүү өндүрүшүн жолго коюу максатында Кыргызстандын рыногу изилденет. Бул улуттук өндүрүштү көбөйтүүгө, инвестиция тартууга жана аймакта жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот.

Серепчилердин баамында, бул демилге өнөр жай кооперациясын бекемдеп, эки өлкөнүн жеке секторунун стратегиялык кызматташууга болгон даярдыгын тастыктайт.