Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. Кыргызстанда коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу кыйноолорду алдын алуу боюнча эксперттик чөйрөнүн дарамети жогору. Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен жарандык коомдун өкүлдөрүнүн жолугушуусунда айтылды.
Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, жолугушууда кыйноолордун жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилелердин алдын алуу иштери талкууланды.
Жамиля Жаманбаева катышуучуларыга акыйкатчынын кеңейтилген мандатынын алкагында Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун функциялары Акыйкатчы институтуна өткөндүгүнө байланыштуу алдыдагы иш пландарын айтып берди.
“Мен үчүн жана жалпы институт үчүн сиздердин оюуңуздарды, сунуштарыңыздарды угуу абдан маанилүү. Анткени маанилүү чечимдерди коом менен биргелешкен пикирде кабыл алсак жаңылышпайбыз”- деди ал.
Жарандык коомдун өкүлдөрү Акыйкатчы институтунун кеңейтилген мандатынын алкагында улуттук превентивдик механизмди мындан ары ишке ашыруусуна колдоо көрсөтөрүн билдиришти. Ошондой эле алар акыйкатчынын пландарын колдоого алып, ачык диалогду жана өкмөттүк эмес уюмдар менен тыгыз кызматташууну улантууга чакырышты.
Ошону менен катары эле алар кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда кыйноолорду алдын алуу боюнча эксперттик чөйрөнүн дарамети жогору экенин белгилешти.
Эксперттер Стамбул протоколун түзүү үчүн жарандык дарыгерлерди жабык жайларга тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыздап берүүнү өтүндү. Мындан тышкары, балдар жана карылар үйлөрүнө көбүрөөк мониторинг жүргүзүү боюнча сунуштар айтылды.
Айрым катышуучулар Акыйкатчы институтун көз карандысыздыгын камсыздоо зарылдыгын белгилеп, бул анын Париж принциптерине толук шайкеш келишин камсыздай тургандыгын билдиришти.