Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. Өлкө боюнча күзгү ным топтоо сугат иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан күзгү ным топтоо сугатында республика боюнча 220 миң гектар жерди сугаруу пландалууда.
Бүгүнкү күндө күздүк ным топтоо сугатынын көлөмү 3,4 миң гектарга жетти. Ал эми күздүк себүү үчүн сугарылган аянттын көлөмү 1,2 миң гектарды түздү.
Белгиленгендей, күздүк ным топтоо сугатынын жүргүзүлүшү да айыл чарба аянттарындагы жердин ылдам курап кетишинин алдын алып, келечектеги экологиялык кырдаалдарга жана айыл чарба ишмердүүлүгүнө оң таасир тийгизет.
Айыл чарба ишмердүүлүгүнүн туруктуулугун камсыздоо жана дыйкан фермерлердин ишмердигин колдоо үчүн бул иш-аракеттер республика боюнча айыл чарба секторунун өнүгүшүн камсыздайт.