Кыргызстанда курулуш тармагына көзөмөл күчөтүлөт

Коом 26 ноябрь 2025 10:28
WhatsApp Image 2025-11-26 at 10.00.58.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-26 at 10.00.58 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-26 at 10.00.57.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-26 at 10.00.57 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-11-26 at 10.00.58.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-26 at 10.00.58 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-26 at 10.00.57.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-26 at 10.00.57 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Куруучулар союзунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыктын мүмкүн болгон багыттарын, ошондой эле курулуш тармагында өзгөчө көңүл бурууну талап кылган актуалдуу маселелерди кеңири талкуулашты.

Жыйынтыгында мамлекеттик органдар менен курулуш тармагынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу макулдашылды.

Ошондой эле Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан курулуш долбоорлорун ишке ашыруудагы процесстердин ачык-айкын жана туруктуу болушуна көмөк көрсөтүлөрү белгиленди.