Бишкек, 10.04.25. /Кабар/. Бүгүнкү күндө бардык санаторий жана курорттук жайлар санариптештирүү стандарттарына өткөн. Азыр бул жайларга баруу үчүн кайралууда адам менен адамдын байланышы жокко чыгарылган, - деди "Кабар" агенттигине маек берип жатып президенттин Иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элмира Усенова.
Анын айтымында, Кыргызстандын бардык жараны, андан тышкары жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн жарандары өздөрүн кызыктырган курорт же санаторийдин сайтына кирип, орун ээлеп коюшса болот.
"Белгилүү болгондой, кесиптик бирликтер тарабынан жолдомо берүүгө мораторий киргизилген. Ошондуктан курорттук-ден соолукту чыңдоочу объектерге барууга чектөө жок. Алар мурда деле жеткиликтүү болчу. Бирок, азыр арыздарды кабыл алуу боюнча бардык процедуралар максималдуу түрдө санариптештирилген жана коррупцияга дуушар болбойт", - деди Усенова.