Бишкек, 01.08.25 /Кабар/. Кыргызстанда курч ичеги-карын инфекциясына кабылгандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Айнура Узакбаева “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө ооруканада жалпы 300 бейтап жатат, алардын ичинен курч ичеги-карын инфекциясы менен 110 бейтап дарыланууда. Алардын басымдуу бөлүгү жаш балдар.
“Биздин жугуштуу оорулар ооруканабызга күн сайын 300гө жакын бейтап кайрылат. Анын ичинен 100дөйү балдар. Орточо оор жана оор абалдагы бейтаптар гана ооруканага жаткырылат. Калгандарына дарыгерлер кеңеш берип, үйдө дарыланууга жиберет. Учурда курч ичеги-карын инфекциясына кабылган 110 адам бизде дарыланып жатат”, - деди ал.

Айнура Узакбаеванын пикиринде, жайында айрыкча ичеги-карын инфекциясын күчөтө турган козгогучтар көбөйөт. Алар жер-жемиштерге, туура эмес сакталган тамак-ашка жана тез бузула турган азык-түлүккө көп илешет.
“Бизге бейтаптар жер-жемиштерди таза жууп жебегендиктен, тамак-ашты туура сактабай, мөөнөтүн карабай колдонгондон, көчөдө сатылган тамак-аштарды жегенден улам ооруп келип жатат”, - дейт башкы дарыгердин орун басары.

Айнура Узакбаева белгилегендей, эгерде адамдарда жүрөк айлануу, алсыздык, баш оору, кусуу, ич оору, ич өтүү белгилери байкалса, дене табы көтөрүлсө өз алдынча дарылануу сунушталбайт. Сөзсүз медициналык жардам алуу үчүн Тез жардам кызматына, үй-бүлөлүк дарыгерге, же күнү-түнү иштеген жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылуу керек.

Дарыгер ичеги-карын инфекциясына кабылгандан көрө, алдын алуу алда канча жеңил болорун айтып, өзүңүздү жана жакындарыңызды коргоо үчүн бир катар кеңештерди берди:
- жеке гигиенаны туура сактоо зарыл, балдарды да ушуга үйрөтүңүз;
- тамак жасарда жана тамактанарда колду дайыма самындап жууш керек;
- таза жана кайнатылган сууну ичүү зарыл;
- мөмө жана жер-жемиштерди таза жууп жеш керек;
- тамак-ашты туура сактап, мөөнөтүнөн кечиктирбей колдонуу кажет;
- көчөдө, көзөмөлсүз жерде сатылган даяр тамак-аштарды албаш керек;
- көлмөлөргө жана бассейндерге түшкөндө оозго суунун кирип кетүүсүнөн абайлаш керек;
- чымын-чиркейлердин, курт-кумурскалардын жана үй жаныбарларынын тамак-ашка аралашуусуна жол бербеңиз;
- жумуртканы колдонордо таза жуу шарт.