Бишкек, 14.10.25. /Кабар/. Экономика жана соода министрлиги министрлер кабинетинин “Ломбарддык ишмердүүлүк жөнүндө” токтомунун долбоорун коомдук талкууга койду.
Документте белгиленгендей, токтом күрөөлүк секторду өнүктүрүү, анын финансылык туруктуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан.
Токтомдун негизги максаты - күрөөканалардын финансылык абалын чыңдоо, тейлөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.
Уставдык капиталга коюлуучу талаптар күчөтүлүшү күтүлөт, бул төмөнкүлөргө шарт түзөт:
- Кардарларды тейлөөнүн сапатын жакшыртуу;
- Каржылык тобокелдиктерди азайтуу жана кардарлар, өнөктөштөр жана мамлекеттик органдар менен ишенимди бекемдөө;
- Укуктук ченемдердин сакталышын камсыз кылуу жана компаниянын ликвиддүүлүгүн жогорулатуу.
Токтомдо ошондой эле күрөөканалардын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн жабуунун так тартиби белгиленген. Ал ыйгарым укуктуу органга кабарлоону жана жабууну финансылык отчетто жазууну талап кылат.
Бул укуктук тактыкты түзүүгө, жол-жоболордун эки ача түшүндүрмөлөрүн жоюуга жана карыз алуучулардын укуктарын коргоого мүмкүндүк берет. Андан тышкары, мындай чаралар көмүскө операциялар үчүн “жабык” жерлерди колдонууга бөгөт коет жана акчаны адалдоо коркунучун азайтат.
Түзөтүүлөр уставдык капиталдын өзгөрүшүнө көзөмөлдү күчөтөт: күрөөкана документтердин жана банктык ырастамалардын толук пакетин берүүгө, ошондой эле билдирүүнүн мөөнөттөрүн сактоого жана жазууларды каттоого милдеттүү.
Күрөөкананын бардык милдеттенмелери анын филиалдарына да тиешелүү экендиги, отчеттуулуктун жана көзөмөлдүн бирдиктүү эрежелерин камсыз кылуусу такталган.
Министрлик долбоорду ишке ашыруу ломбарддардын ишинин ачыктыгын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, кардарлардын кызыкчылыктарын коргоого жана мамлекеттик көзөмөлдү жакшыртууга багытталганын баса белгиледи.