Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. Ноябрь айында Кыргызстанда корей салаттарын өндүрүүгө адистешкен "Айджен Компани" ЖЧКсы өндүрүшүн кеңейтип, өз ишинде суткасына 2 тонна жашылчаны кайра иштетип баштайт.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, агроөнөр жай тармагында 18 жылдык тажрыйбасы бар компания бул долбоорду толук өндүрүштүк цикл форматында ишке ашырууда.
Бүгүнкү күндө ишкананын карамагында:
- 70 сотых аянттагы күнөскана чарбасы;
- 9 гектар айдоо талаа жерлери;
- негизги айыл чарба өсүмдүктөрү — капуста, дайкон, калемпир, батат жана салаттардын башка ингредиенттери бар.
Жаңы өндүрүштүк база ишке кирсе 6 түрдөгү салттуу корей салаттары чыгарылат: кимчи, кактуги, маныльтэн, танмучи, канжан маныльтэн жана модум чанъаччи.
Долбоордун негизги өзгөчөлүгү — жергиликтүү ө пайызы гана оригиналдуу корей уруктарын сатып алууга багытталат.
Ишкананын ишке кириши төмөнкү негизги натыйжаларды камсыз кылат:
- жаңы жумуш орундарын түзүү;
- экспорттук потенциалды кеңейтүү;
- азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө;
- кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө салым кошуу.
2008-жылы негизделген "Айджен Компани" бүгүнкү күндө Кыргызстандагы сапаттуу айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча алдыңкы компаниялардын бири болуп саналат.