Кыргызстанда Комуз күнү белгиленүүдө

Маданият 09 Сентябрь 2025 17:20
545580311_1082659467359142_5618720474561826542_n.jpg
545369606_1082659477359141_7499307336429523244_n.jpg
546407822_1082659434025812_660917674097891494_n.jpg
545823930_1082659534025802_7875978307185064403_n.jpg
Алдыга
Артка
545580311_1082659467359142_5618720474561826542_n.jpg
545369606_1082659477359141_7499307336429523244_n.jpg
546407822_1082659434025812_660917674097891494_n.jpg
545823930_1082659534025802_7875978307185064403_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 09.09.25. /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрда Кыргызстанда улуттук маданиятты даңазалаган Комуз күнү белгиленип жатат.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына караганда, бул күнү өлкө боюнча музыкалык жана искусство мектептеринде, ошондой эле маданий мекемелерде майрамдык иш-чаралар өтүүдө.

Талас, Нарын, Ысык-Көл, Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Чүй облустарындагы ондогон мектептерде жана маданий жайларда комузчулардын чыгыштары, элдик фольклордук ансамблдердин концерттери уюштурулуп, улуттук күүлөр жаңырып жатат.

Майрамдык иш-чаралар Жайыл, Жумгал, Каракол, Кара-Суу, Өзгөн, Кызыл-Кыя, Аксы жана Кадамжай өңдүү аймактарда да кеңири белгиленип, жаш муунга комуздун тарыхый жана маданий мурастуулугу таанытылды.

Комуз күнү — кыргыз элинин улуттук өзүнчөлүгүн, маданий мурасын жана биримдигин чагылдырган маанилүү майрам болуп саналат.