Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Бүгүн, 5-августта 20636 аскер бөлүгүнүн базасында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин достук армияларынын аскер кызматчылары арасындагы XVII Спартакиаданын алкагында штаттык же табелдик куралдан ок атуу боюнча чемпионаттын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ага командалардын өкүлдөрү, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун аскер кызматчылары катышты.
Анда Аскерлердин күнүмдүк ишмердүүлүгү башкы башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кожошев чемпионат аскер кызматчыларынын кесиптик даярдыгынын деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөрүн, тажрыйба алмашуу жана аскердик достукту чыңдоо үчүн натыйжалуу аянтча болуп саналарын белгиледи.
“Алдыда өтө турган чемпионат таза спорттук атаандаштыктын, өз ара урматтоонун жана жолдоштук мамиленин духунда өтөрүнө ишенем”, — деди ал.
Чемпионаттын жүрүшүндө аскер кызматчылары АК-74 автоматынан жана Макаров тапанчасынан ок атуу боюнча көнүгүүсүн аткарып, жеке жана командалык биринчиликтерде күч сынашат.