Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн аскер кызматчылары ок атуу боюнча күч сынашат

Коом 231 03 Август 2026 12:45
WhatsApp Image 2026-08-03 at 09.35.31 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-03 at 09.35.33.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-03 at 09.35.33 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-03 at 09.35.32.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-03 at 09.35.31.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-03 at 09.35.30.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-03 at 09.35.29.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 03.08.26 /Кабар/. Кыргызстанда КМШга мүчө өлкөлөрдүн аскер кызматчыларынын арасында ок атуу боюнча XVII чемпионат өтөт.

Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, эл аралык мелдеш 2026-жылдын 5-августунда Куралдуу күчтөрдүн 20636 аскер бөлүгүнүн базасында башталат.

Чемпионатка Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандын куралдуу күчтөрүнүн командалары катышат.

Катышуучулар АК-3 автоматы жана ПМ-3 тапанчасы менен ок атуу боюнча жеке жана командалык мелдештерде күч сынашат. Ошондой эле таймашка аскер кызматындагы айымдар да катышат.

Мелдештин катышуучулары 3-августта Кыргызстанга келип, каттоо жана жайгаштыруу иштеринен өтүштү. Чемпионаттын расмий ачылыш аземи 5-августта өтөт.