Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын 1,5 айлык кору бар

Экономика Жүктөлүүдө... 23 Июль 2026 11:00
copyright icon Кабар

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдын (КММ) запасы 1,5 айга чейин жете турган деңгээлге көбөйтүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн негизги максаты калкты туруктуу баада күйүүчү май менен камсыз кылуу жана рыноктогу абалды турукташтыруу.

"Маселе курчуй баштаганда өлкөдө 2-3 жумалык гана запас бар болчу. Учурда бул көлөм 1,5 айга жеткидей деңгээлге жетти", - деди ал.

Ал белгилегендей, Кытай менен күйүүчү май жеткирүү боюнча келишимдер түзүлүп, башка өнөктөштөр менен да кызматташтык уланууда. Мунай иштетүүчү заводдор өндүрүш көлөмдөрүн алдын ала пландагандыктан, кошумча көлөмдөрдү алуу боюнча дагы иштер жүргүзүлүүдө.

Министрлер кабинетинин өкүлү өлкөдө КММ боюнча резервдик запастарды кеминде 2,5 айга жеткирүү негизги максаттардын бири экенин кошумчалады.