Кыргызстанда керектөө бааларынын өсүшү 7,1 пайызды түздү

Экономика Загрузка... 14 Ноябрь 2025 16:18
3ca4e506-663e-43c8-9c9c-532f4c1ba77f.730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 14.11.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин жалпы республика боюнча өсүшү 7,1 пайызды түздү.

Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, мында баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 7,4 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге – 6,7 пайызга, азык-түлүк эмес азыктарга – 5,6 пайызга жана калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери – 8,9 пайызга жогорулаган.

Ушул жылдын январь-октябрында (мурунку жылдын декабрь айына салыштырмалуу) республиканын бардык аймактарында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы байкалды.

Баалардын максималдуу өсүшү - 9 пайыз Ош шаарында катталды, бул алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге (12,1 пайыз) жогорулашы менен шартталды.

Азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баанын эң жогорку өсүшү (10,5 пайызга) Чүй облусунда, азык-түлүк эмес товарларга (8,1 пайызга) Баткен облусунда жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтерине (10,4 пайызга) Бишкек шаарында белгиленди.