Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда бүгүн, 19-августта саат 04:53тө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирет.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында, Каракол шаарынан 165 чакырым түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан.
Өлкөнүн калктуу конуштарында жердин силкинүүсүнүн күчү сезилген эмес.