Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Кыргызстанда карис сортундагы кулпунайды өстүрүү пландалууда. Бул тууралуу KDA LLC – Корея жана Кыргызстанды өнүктүрүү ассоциациясынын жетекчиси Ю Донг Юн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, кулпунайдын жогорку түшүмдүү сорту алгач Кыргызстанда каттоодон өткөрүлүп, андан соң көбөйтүлмөкчү.

“Кулпунайдын карис сортунун өзгөчөлүгү тууралуу айтсак, бул сорт кандай гана аба ырайы болбосун, ысык-суукка карабай, жыл бою түшүм бере турган жаңы сорт болуп эсептелет. Кыргызстанда азыр ушул сортун экспертизага берип, каттоодон өткөргөнү жатабыз. Бардык иштер бүткөндөн кийин карис сортундагы кулпунайды кенен таратканга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул сортту Кыргызстанга таратсак, айыл чарбасы менен алектенген дыйкандарга пайдасын көбөйткөнгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Анткени бул сорттун түшүмдүлүүгү жогору”, - деди ал.
Ошондой эле Ю Донг Юн карис сортун Кыргызстанга гана эмес, коңшу өлкөлөргө да таратуу максаты коюлуп жатканын белгиледи.
"Борбор Азиядагы мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанда ишкердик жүргүзүүгө, экспортко чыгууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Ошондуктан биз Кыргызстанды тандап алдык. Кыргызстан акыркы убакта өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин катарында болууда. Өзүнүн өнүгүү жолунда чоң жетишкендиктери бар. Биз да өз салымыбызды кошуп, өлкөгө логистикалык борбор куралы деп турабыз", - деп кошумчалады ал.