Кыргызстанда кан тапшыргандардын жетишсиздиги айтылды

Ден соолук Загрузка... 22 Июль 2025 15:10
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 22.07.25. /Кабар/. Медициналык муктаждыктарды толук камсыз кылуу үчүн өлкөгө 1000 адамга кеминде 40 донор болушу керек. Кыргызстанда болсо бул көрсөткүч болгону 6ны түзөт. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине Республикалык кан борборунан билдиришти.

Борбордун маалыматына караганда, мекеме кан менен камсыз кылууда кыйынчылыктарга туш болууда. Өзгөчө жай айларында бул курч маселеге айланат.

"Ар дайым жайында донорлордун саны аз болот, бул студенттердин каникулга чыгып, кызматкерлердин эс алууга кеткенине байланыштуу. Бирок, биз бул маселени чечүүгө аракеттенебиз", — деди борбордун директору Бакыт Карабаев.

Жайкы эс алуу мезгилинде канга муктаж болгон бейтаптардын саны азайбайт. Тескерисинче жолдогу жана курулуштардагы кырсыктардын көп катталуусунан муктаждык көбөйөт.

"Ай сайын кан канча керектелерин эч ким так айта албайт, кырдаалга жараша болот", — деп кошумчалады директор.

Анын айтымында, эң көп кан керектөө Бишкек шаарында байкалат.

"Онкология, травматология, кардиохирургия, төрөт үйлөрү, хирургиялык бөлүмдөрүндө кан донору эң көп керектелет", — деп тактады Карабаев.

Кан борбору донор болууга 18ден 60 жашка чейинки, салмагы кеминде 50 килограмм, ден-соолугу жакшы адамдар жарактуу экенин эскертет.

Кан тапшырууга чейин жакшы эс алууну, майлуу тамактарды, сүт азыктарын, семичке жана алкоголдук ичимдиктерди колдонбоону сунуштайт. Кан тапшырган соң жакшы тамактанып, бир күн бою оор физикалык кыймылдардан алыс болуу сунушталат.

Канды эки айда бир жолу тапшырууга болот, жылына 4-5тен ашпоого тийиш. Плазманы жана тромбоциттерди 14 күндөн кийин берсе болот, бирок жылына 10-12ден ашпашы керек.

Белгилей кетсек, Бишкекте донорлорду кабыл алуу дареги — Чыңгыз Айтматов проспектиси 60.

Борбордун директору кан жетишсиздигинин себебин калктын бул маселеге болгон кызыгуусунун жоктугу менен түшүндүрдү.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда кан тапшыруу акысыз же акы төлөнүүчү форматта ишке ашат. Бул донордун өз каалоосуна жараша.

КР "Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" мыйзамына ылайык, 30 жана андан көп жолу акысыз, 45 жана андан көп төлөм акы алган кан тапшыруучуларга, ошондой эле 60 жана андан көп жолу плазма берген донорлор "Кыргыз Республикасынын кадырлуу донору" төш белгиси менен сыйланат.

Бул төш белгинин ээси төмөнкү укуктарга жана жеңилдиктерге ээ:

  • протез-ортопеддик буюмдарга акысыз ээ болуу;
  • мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдарында рецепт менен жазылган дары-дармектерди арзандатылган шартта алуу;
  • ыңгайлуу убакта кошумча эс алууга укук;
  • пенсияга эсептелген сумманын 50% өлчөмүндө кошумча төлөм алуу;
  • мамлекеттик саламаттыкты сактоо мекемелеринде жеңилдик менен медициналык тейлөө;
  • кан компоненттерин жана препараттарын баасынын 50% төлөп алуу;
  • министрлер кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө жеңилдиктерге алмаштырылган акчалай компенсациялар.