Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда калдыктардан килемден тарта желим түтүккө чейинки буюмдар өндүрүлөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө калдыктарды кайра иштетүү менен алектенген ишканаларды лицензиялоо жана колдоо боюнча иштер күчөтүлүүдө. Бул чаралар циркулярдык экономиканы өнүктүрүүгө, өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилигин киргизүүгө жана кайра иштетүүчүлөрдүн санариптик реестрин түзүүгө багытталган.
Министрлик лицензиялоо алдындагы көзөмөлдүн алкагында кагаз, пластик жана текстиль калдыктарын кайра иштеткен бир катар ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Аталган ишканалар макулатурадан таңгактоочу кагаз жана гофрленген картон, текстиль калдыктарынан термокийиз жана килем, ал эми пластик калдыктарынан желим түтүк жана щетка сыяктуу чарбалык буюмдар өндүрүп чыгарышат.
Министрлик калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдү өз ишмердүүлүгүн өз убагында лицензиялоого чакырып, бул багыттагы көзөмөл жана мамлекеттик колдоо мындан ары да улантыларын белгиледи.