Кыргызстанда Ислам каржылоо принциптеринин негизинде биринчи кепилдик берилди

Экономика Загрузка... 11 Апрель 2025 14:29
29687446-dcb4-48f7-b898-dccbc7eddad9.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 11.04.25. /Кабар/. Кыргызстанда Ислам каржылоо принциптеринин негизинде “Береке” атту биринчи кепилдик берилди. Бул тууралуу "Кепилдик" фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мбанк менен кызматташуунун алкагында Чүй облусундагы ишкерге кепилдик колдоо көрсөтүлдү.

Кепилдик колдоонун суммасы 5,2 млн сомдон ашты, бул ишкерге 19 млн сомго кредит алууга мүмкүндүк берди.