Лизингге техника алуу оңой. Кепилдик фонду жаңы инструмент сунуштады

Экономика Загрузка... 03 Декабрь 2025 13:20
lizing.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. "Кепилдик фонд" ААК өлкө боюнча ишкерлердин каржылоого болгон жеткиликтүүлүгүн кеңейтип, керектүү каржыны алуу процессин жөнөкөй, ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылууда.

Фонддон билдиришкендей, айыл чарба жана атайын техника парктарын жаңылоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган эки жаңы кепилдик продукциясы — "Ижара" жана "Ижара плюс" сунушталды.

Бүгүнкү күндө лизинг өндүрүштү модернизациялоонун натыйжалуу жана жеткиликтүү механизмдеринин бири болуп саналат. Бирок көпчүлүк ишкерлер үчүн алдын ала төлөмдүн зарылдыгы олуттуу тоскоолдук жаратып келет. Жаңы продукциялар ушул маселени жеңилдетүүгө багытталган:

  • "Ижара" — лизинг предметинин баасынын 20 пайызга чейин кепилдик менен жабат;
  • "Ижара плюс" — лизинг боюнча алдын ала төлөмдүн 30 пайызга чейин жаап берет.

Бул инструменттердин аркасында ишкерлерде өз каражаттарынын жетишсиздиги болсо да, заманбап техника жана жабдууларды лизинг аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү кеңейет.

Кошумча маалыматты 7500 кыска номери аркылуу же www.gf.kg сайтынан алууга болот.