Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. 2025-жылдын 17-июнуна карата "Кепилдик фонду" ААК тарабынан аймактардагы экспортко багытталган ишканаларга берилген кепилдиктердин жалпы көлөмү 1,1 млрд сомду түздү.
Фонддон билдиришкендей, кепилдик колдоонун аркасында ишкерлер 3,9 млрд сомдон ашык кредиттик ресурстарды тартууга мүмкүнчүлүк алышты.
Кепилдиктердин аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү:
- Талас облусу – 393,3 млн сом кепилдиктер → 1,3 млрд сомдон ашык насыя;
- Чүй облусу — 375,1 млн сомдон ашык кепилдиктер → 1,4 млрд сомдон ашык насыя;
- Ош облусу — 191,2 млн сом кепилдиктер → 590,6 млн сомго жакын насыя;
- Жалал-Абад облусу — 97,9 млн сом кепилдиктер → 332 млн сом насыя;
- Ысык-Көл облусу — 43,8 млн сом кепилдиктер → 170,4 млн сом насыя;
- Баткен облусу — 20,1 млн сом кепилдиктер → 55,6 млн сомдон ашык насыя;
- Нарын облусу — 4,6 млн сом кепилдик → 10,5 млн сом насыя.
Кепилдиктер багытталган негизги секторлор:
- айыл чарбасы жана кайра иштетүү — 1,02 млрд сом;
- өнөр жайы — 451,8 млн сом;
- транспорт, туризм, кызмат көрсөтүү жана соода — 170,2 млн сомдон ашык.
Кепилдик колдоо боюнча толук маалыматты +996 (556) 62 53 79, +996 (554) 17 71 05, +996 (312) 62 53 79 телефондору аркылуу алса болот.
"Кепилдик фонд" ААК экспорт жана импортту алмаштыруу чөйрөсүндө иш алып барган ишкердик субъекттерине өзгөчө көңүл буруп, Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлерди активдүү колдоону улантууда.
Экспортко багытталган ишканаларга каржылоону тартууга, өндүрүштү кеңейтүүгө жана жаңы рынокторду ишенимдүү өнүктүрүүгө мүмкүндүк берүүчү артыкчылыктуу кепилдик колдоо көрсөтүлөт.