Кыргызстандагы ислам каржылоо принциптери жогорку динамиканы көрсөтүү менен жергиликтүү финансы-кредит рыногунда өз ордун ээлеп келет. Улуттук банк ислам каржылоо принциптери боюнча кызмат көрсөткөн финансы-кредит уюмдарынын санынын туруктуу өсүшү менен жарандарды жана ишкердикти каржылоонун көлөмү жогорулаганын белгилейт. Улуттук банктын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ислам финансылык продукттар бөлүмүнүн жетектөөчү инспектору Кубанычбек Тогуззаков исламдык каржылоо принциптеринин өзгөчөлүгү тууралуу айтып берди.
Кыргызстандагы исламдык каржылоо принциптери жогорку динамиканы көрсөтүүдө жана ата мекендик каржы-насыя рыногунун жетилген, туруктуу сегменти болуп саналат. Улуттук банк исламдык каржылоо принциптери боюнча кызмат көрсөткөн каржы-насыя уюмдарынын санынын туруктуу өсүшүн жана каржылоо портфелинин тез динамикасын белгилейт. Бул модель толугу менен универсалдуу жана кардарлардын диний ишенимине же жеке көз карашына карабастан, бардык каалоочулар үчүн ачык экендигин баса белгилөө маанилүү
Ислам финансылык моделинин фундаменталдуу эрежелери жана принциптери
Ислам банкингинин башкы өзгөчөлүгү шариат стандарттарынын так сакталышында. Финансы чөйрөсүндө бул эрежелердин Базель комитетинин стандарттарындай эле орду бар.
Шариат стандарттарында ар бир өзүнчө бүтүмгө жана келишимге карата ар кандай эрежелер каралат, бирок жалпысынан төмөнкүлөргө багытталган:
- кепилденген пайыздарды төлөөгө тыюу салуу: «акчадан акча» жасоо түрүндөгү кепилденген киреше табуу жокко чыгарылууга тийиш;
- тобокелдиктерди бөлүштүрүү принциби: банктын кирешеси ишкердик тобокелдикти өзүнө алганда же реалдуу соода же ижара бүтүмдөрүн жүргүзгөндө гана түзүлөт;
- ачык-айкындуулук жана тактык: келишимдердин шарттарында мөөнөттөр жана товарлардын спецификациясы боюнча жашыруун жагдайлар же белгисиздик элементтери болбоого тийиш;
- социалдык жоопкерчилик: коомго зыян алып келүүчү иш чөйрөсүнө: алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки заттарын өндүрүүгө, кумар оюндарына жана башка ушул сыяктууларга каражат жумшоого катуу чектөөлөр бар.

Шариат кеңешинин ролу жана анын негизги функциялары
Банктык кызматтардын белгиленген стандарттарга шайкештигин Шариат кеңеши көзөмөлдөйт. Ал ансыз бир дагы ислам банкы же банктын «ислам терезеси» иштей албаган көз карандысыз орган. Шариат кеңешинин курамына ислам теологиясы, экономика жана финансы тармагындагы жогорку квалификациялуу адистер кирет. Анын башкы ролу — финансы институтунун бардык иши шариат стандарттарына так шайкеш келишин камсыздоо. Ал эми негизги функцияларына жаңы продуктуларды жактыруу же аларга тыюу салуу, банктын бүтүмдөрүнүн шариат стандарттарына шайкештигине аудит жүргүзүү жана кайрымдуулукка бөлүнүүчү суммаларды аныктоо кирет. Бул жерде белгилей кетүүчү жагдай, эгерде банк уруксат берилбеген операциялардан киреше тапса, анда мындай киреше толугу менен кайрымдуулукка багытталууга тийиш.
Ислам принциптери боюнча каржылоону сунуштоо механизмдери
Ислам финансы институттарынын кирешелери ачык-айкын өнөктөштүк жана соода бүтүмдөрү аркылуу калыптанат:
- мурабаха келишими: кыйла популярдуу механизм болуп саналат, мында банк кардардын суроо-талабы боюнча зарыл болгон активди сатып алат жана аны кардарга алдын ала макулдашылган, белгиленген үстөк баасы менен бөлүп төлөө шартында кайра сатат. Көбүнчө унаа, керектөө товарларын же бизнес үчүн товарларды сатып алууда колдонулат.
- мудараба инвестициялык өнөктөштүгү: мында банк бизнес-долбоорду ишке ашыруу үчүн капиталдын 100% бөлүп берет, ал эми кардар түздөн-түз башкарууну жүзөгө ашырат. Пайда алдын ала белгиленген пропорцияда бөлүштүрүлөт, ал эми коммерциялык тобокелдиктер орун алган учурда финансылык чыгымды банк толугу менен өзүнө алат.
- ижара мунтахия биттамлик бүтүмү: мүлктү ижарага берүү принциби боюнча иштейт, мында активдин толук наркы төлөнүп бүткөндөн кийин ага карата толук менчик укугу кардарга өтөт. Кыймылсыз мүлк, техника жана жабдууларды сатып алуу үчүн колдонулат.

Ислам финансы секторунун көрсөткүчтөрүнүн динамикасы
Улуттук банктын маалыматтары бул сектордун негизги көрсөткүчтөрүнүн жигердүү өсүшүн жана анын масштабын кеңейтүү баскычына өткөнүн тастыктайт.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча каржылоо көлөмү 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге өсүп, 21,1 млрд сомго жетти.
Муну менен бирге катышуучулардын курамы да кыйла кеңейди: 2024-жылы ислам принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүгө 15 финансы-кредит уюмуна уруксат берилсе, 2026-жылга карата алардын саны 19га жетти.
Ошондой эле 2025-жылдын ичинде коммерциялык банктардын бирин толук кандуу ислам банкына айландыруу (трансформациялоо) процесси ийгиликтүү аяктады.
Финансы-кредит уюмдары тарабынан берилүүчү каржылоо экономиканын реалдуу секторуна жигердүү кызмат кылып жатканын белгилей кетүү керек — ал айыл чарбасын колдоого, бизнести өнүктүрүүгө, жарандардын турак жай сатып алуусуна жана керектөө максаттарына багытталууда.
Өз кезегинде Улуттук банк ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча пландуу иштерди улантууда. Бул сектордун туруктуулугунун жогорку деңгээлин камсыз кылат, кардарлардын кызыкчылыктарын коргойт жана өлкө боюнча ислам финансылык кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтет.