Бишкек, 21.08.26 /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков президент Садыр Жапаровдун буйругу менен түзүлгөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялык штабдын иш-чараларынын алкагында мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жумушчу жыйын өткөрдү.
Коопсуздук кеңештин катчылыгы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаал, саламаттыкты сактоо жана башка мамлекеттик органдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ШКУнун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматы угулду.
Адилет Орозбеков алдыдагы иш-чаралар, алардын статусу жана деңгээли, ошондой эле катышуучу мамлекет башчыларынын, чет элдик делегациялардын, чакырылгандардын жана коноктордун саны боюнча өлкөбүздүн тарыхында болуп көрбөгөндөй жогору экенин баса белгиледи.
Ошондуктан, бардык тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алдыдагы улуттук маанидеги эл аралык иш-чаралар учурунда максималдуу коопсуздукту камсыз кылууга даяр болушу керек.
Жумушчу жыйындын жыйынтыгында бардык тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына антитеррордук коопсуздукту, коомдук жана жол коопсуздугун камсыз кылуу, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү, өзгөчө жана чукул кырдаалдардын алдын алуу үчүн өз убагында ыкчам чараларды көрүү тапшырылды.
Мындан тышкары, Ички иштер министрлигине айрым көчөлөрдө жана магистралдарда пландаштырылган жол кыймылына убактылуу чектөөлөрдү киргизүү жөнүндөгү маалыматты коомчулукка тез жана өз убагында кабарлоо тапшырылды.