Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда 20-февралга карата инфляциянын жылдык көрсөткүчү 9,6 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын Акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы билдирди.
Анын айтымында, жыл башынан бери баалардын өсүшү 1,8 пайызга жеткен.
"Инфляциянын жогорулашына биринчи кезекте дүйнөлүк рыноктогу кырдаал жана тышкы факторлор себеп болууда. Сырттан ташылып келген товарлардын баасынын жогорулашы ички рыноктогу баалардын чынжырлуу реакция аркылуу өсүшүнө алып келген. Импорттук продукциялардын баасы өскөндүктөн, өлкө ичиндеги инфляциялык басым дагы күчөгөн", — деди ал.
Улуттук банктын өкүлү белгилегендей, учурдагы инфляциялык процесстер негизинен импортко көз карандылыктан улам келип чыгууда.