Өлкөдө ак илбирсти коргоого багытталган мультфильм тартылды

Коом 26 сентябрь 2025 15:35
bfb20c8a-c76f-43c3-af70-4c515d45a5f8.jpeg
d8268ae1-89f6-4cd2-8d45-9fe056510d48.jpeg
3f63d579-0846-4c76-9ee3-5bf13c74d057.jpeg
aa32a8e0-bb26-486b-a0ae-a846db5671d2.jpeg
Алдыга
Артка
bfb20c8a-c76f-43c3-af70-4c515d45a5f8.jpeg
d8268ae1-89f6-4cd2-8d45-9fe056510d48.jpeg
3f63d579-0846-4c76-9ee3-5bf13c74d057.jpeg
aa32a8e0-bb26-486b-a0ae-a846db5671d2.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 26.09.25./Кабар/. ”Илбирс. Мөңгүдөгү издер” деп аталган мультфильмдин жабык көрсөтүүсү Бишкек жана Ош шаарларында чакан форматта өткөрүлдү.

NABU Кыргызстан уюмунан билдиришкендей, аталган уюмдун каржылык колдоосунда даярдалган мультфильм «Central Asia Film» киностудиясы тарабынан, режиссёр Айбек Дайырбеков тарткан.

Мультфильмди тартуу идеясынын автору NABU Кыргызстан уюмунун директору Толкунбек Асыкулов, тасманын башкы максаты: жапайы жаныбарлардын арасындагы сейрек кездешүүчү - илбирсти сактап калуу көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу экенин белгилейт.

Мындан сырткары, мультфильмде илбирстердин жашоо чөйрөсүнүн тарып баратышы, мыйзамсыз аңчылык сыяктуу көйгөйлөр камтылып, жаныбарларга гана эмес, аларды коргоо менен алектенген адамдарга да боор ооруу сезимин ойготууга өбөлгө түзөөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, учурда мультфильм жалпы элге жеткиликтүү кылып көрсөтүүгө даярдоо этабында турат.