Кыргызстанда ИДПнын өлчөмү 2020-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге өстү - Аманбаев

Экономика Загрузка... 18 Апрель 2025 12:12
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 18.04.25 /Кабар/. Финансы министрлиги бүгүн өлкөнүн 2024-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетунун коомдук угуусун уюштурду.

Ага министрликтер жана ведомстволордун өкүлдөрү, Финансы министрлигинин башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Отчеттук иш-чаранын таанытымын финансы министринин орун басары - Борбордук казыналыктын директору Үмүтжан Аманбаев жасап, кенен маалымат берди.

Үмүтжан Аманбаевдин айтымында, өлкөдө жана анын бардык секторлорунда реалдуу реформалар, экономикалык жактан туруктуу өнүгүү болуп, мунун натыйжасында жакшы жыйынтыктар чыгууда.

"2024-жылдын жыйынтыты боюнча ИДПнын номиналдык көлөмү 1 трлн 523 млрд сомду түзүп, өсүшү 9%ды түздү. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге өстү. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Биздин алдыдагы планыбыз - муну 2030-жылдарга карата дагы 2,5 эсеге жогорулатуу. 2024-жылдагы калктын жан башына ИДПсы 2431 доллар өлчөмүндө болгон.

Ошондой эле “Кыргызстандын 2024-жылдагы консолидацияланган бюджети 688,8 млрд сомду түзгөн. Ал эми 2025-жылга 708,9 млрд сом өлчөмүндө деп пландаштырылган”, - деди Аманбаев.