Кыргызстанда хоккейдин өздүк стили түзүлүүсү мүмкүн

Спорт Загрузка... 05 Сентябрь 2025 13:25
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 05.09.25 /Кабар/. Кыргызстан эл аралык тажрыйбага негизделген, бирок улуттук өзгөчөлүктөргө ээ болгон уникалдуу моделди колдонуу менен хоккейди өнүктүрүүнү пландоодо. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ат-Башы хоккей лигасынын президенти Талант Бокешов билдирди.

"Дүйнөдө орус хоккейи, канадалык хоккей, чех хоккейи деген түшүнүк бар - ар биринин өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Биз ар кайсы өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянып, кыргыз хоккей стилин түзгүбүз келет", - деди ал.

Анын айтымында, хоккей улуттук көк бөрү оюнуна көп жагынан окшош.

"Кыргыздарда хоккейдик, аскердик рух бар. Бекеринен "Хоккей чыныгы мырзалардын спорту" деп айтышпайт", - дейт Бокешов.

Ал белгилегендей, хоккей кымбат спорт түрү бойдон калууда, бир гана жабдууларга эмес, муз аянтчаларын тейлөөгө да олуттуу каражат талап кылынат.

"Ат-Башыда суук 7-8 айга созулат. Башка мамлекеттердин тажрыйбасын изилдеп, муз толтурууну, такталарды орнотууну үйрөндүк. Ат-Башыда буга чейин 5 хоккей аянтчасы курулган. Мындан сырткары аймактардан балдарды машыктырып, республикалык мелдештерге алып келебиз", - деп кошумчалады Ат-Башы лигасынын президенти.