Кыргызстанда "Фронт жоруктары. Улуу Жеңиш тууралуу 80 окуя" китеби жарык көрдү

Маданият Загрузка... 04 Апрель 2025 11:28
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous

Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Кыргызстанда "Фронт жоруктары. Улуу Жеңиш тууралуу 80 окуя" китеби жарык көрдү.

Жыйнак Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган. Автору кыргызстандык журналист Иван Марченко.

Китеп анын 2010-жылдан 2025-жылга чейинки басылмаларынын жыйнагы. 15 жыл бою ал Экинчи дүйнөлүк согуш жөнүндө 150дөн ашык материалдарды даярдаган. Китепте материалдарынын ичиндеги 80 мыктысы камтылган. Жарымы ардагерлердин, Ленинград блокадасынан аман калгандардын жана тылдын эмгекчилеринин эскерүүлөрүн баяндаган очерктер жана маектер.

Калгандары параддар, жүрүштөр жана митинг-реквиемдер болгон жерден репортаждар.

Жыйнакка киргизилген макалалардын басымдуу бөлүгү автор мурда иштеген маалымат каражаттары тарабынан жарыяланган. Ал эми 4 материал китеп үчүн эксклюзив катары катары атайын даярдалган.

Китептин өзгөчөлүгү – автордун стили, кайталангыс окуялардын көптүгү жана юмордун камтылышы. Көлөмү – 280 бет.

Китеп элдин достугуна, тарыхый эскерүүлөрдү сактоого, сергек жашоого үндөйт. Анын негизги максаты – 2025-жылы Кыргызстанда согуш темасына арналган көркөм адабияттар чыгып жатканын көрсөтүү.

Өлкөдө ардагерлерди сыйлоо, Жеңиш күнүн кеңири майрамдоо, 9-майда митингдерди, жүрүштөрдү өткөрүү абдан маанилүү. Бирок согуш тууралуу жаңы китептер сейрек басылып чыгат.

Китептин бир нече нускасын автор Кыргызстандын алдыңкы ЖОЖдоруна өткөрүп берүүгө даяр, ал эми калганын фронттогу жоокерлердин урпактарына таратмакчы.