Кыргызстанда форель балыгын өстүрүү келечектүү тармакка айланууда

Экономика Загрузка... 25 Ноябрь 2025 16:01
экспорт форели.webp
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Кыргызстанда форелдин баасынын туруктуулугу жана суроо-талаптын өсүшү бул багытты келечектүү тармакка айландырууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда балык чарбачылыгынын, өзгөчө форель продукциясына болгон туруктуу кызыгуу сакталууда. Тармактагы адистердин маалыматына ылайык, форелдин ички базардагы баасы аймакка, жеткирүү шарттарына жана балыктын өлчөмүнө жараша килограммына 600-700 сом болууда.

Ички керектөөнүн өсүшүнө байланыштуу өлкөдө форель өстүрүүчү чарбалардын саны көбөйүп, өндүрүш көлөмү жогорулап жатат. Ички базар оң динамиканы көрсөтүүдө, ошондой эле экспорттук потенциал да өсүүдө.

Тышкы рыноктордун, өзгөчө Россиянын кызыгуусунун жогорулашын эске алуу менен министрлик форель экспорттоону пландаган бардык субъекттерди алдын ала Айыл чарба министрлигинин тийиштүү түзүмдөрүнө кайрылып, консультацияларды алып, зарыл болгон процедуралардан өтүүгө чакырат.

Министрлик менен өз ара аракеттенүү кабыл алуучу тараптын талаптарын сактоого, экспорттук документтерди туура толтурууга жана продукцияны тышкы рынокко үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыздоого жардам берет.