Бишкек, 31.07.25 /Кабар/. Кыргызстанда этке, атап айтканда сөөгү менен кошо сатылган уй жана кой этине — мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү пландалууда. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Муратбек Иманкулов билдирди.
Анын айтымында, уй жана кой эти социалдык мааниге ээ азыктардын тизмесине кирет жана бул азыктардын баасына өлкө боюнча жумасына бир жолу мониторинг жүргүзүлүп турат.
Иманкулов белгилегендей, 2024-жылдын январь айынан бери уй эти орточо эсеп менен 131 сомго, ал эми кой эти 117 сомго кымбаттаган. 2025-жылдын 30-июлуна карата уй этине болгон орточо баа 641 сом 40 тыйын, кой этине — 657 сомду түзөт. Бирок баалар аймактар боюнча төмөндөгүдөй айырмаланып турат:
Уй эти баарынан Талас облусунда арзан — 627 сом, ал эми эң жогорку баа Жалал-Абад облусунда — 673 сом деп белгиленет.
Ал эми кой эти Ош облусунда арзан — 638 сом, Жалал-Абадда баарынан кымбат - 673 сом.
«Баалардын өсүшү вице-премьер-министр Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында өткөн атайын жыйында каралды. Ага Экономика жана коммерция министрлиги, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жана Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү катышты.
Монополияга каршы кызмат тиешелүү тапшырманы алды. Эми бир жуманын ичинде уй жана кой этинин баасына кошумча мониторинг жүргүзүп, орточо көрсөткүчтөрдү аныктайт. Андан соң Экономика жана коммерция министрлиги бул азыктарга мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү боюнча чечим кабыл алат», — деди Иманкулов.
Ал кошумчалагандай, эгерде жөнгө салуу киргизилсе, анда мекеме жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте сатуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Баа түзүү тууралуу мыйзамдарды бузган учурда төмөнкүдөй айыптар каралган:
▪ Жөнөкөй жарандар үчүн — 3 миң сом,
▪ Юридикалык жактар үчүн — 13 миң сомго чейин (Укук бузуулар кодекси боюнча).
«Кабыл алынып жаткан чаралар социалдык маанидеги эт азыктарынын баасын турукташтырууга жана алардын андан аркы өсүшүн алдын алууга мүмкүндүк берет», — деп жыйынтыктады Иманкулов.