Кыргызстанда энергосистема туруктуу иштеп, пландуу оңдоо иштери уланууда

Коом 23 июль 2026 11:50
Кыргызстанда энергосистема туруктуу иштеп, пландуу оңдоо иштери уланууда

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Кыргызстанда өткөн сутканын жыйынтыгы боюнча электр энергиясын керектөө 44,6 млн кВт.саатты түздү.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бул көрсөткүч мурунку күндөргө салыштырмалуу электр энергиясын керектөө деңгээлинин төмөндөгөнүн көрсөтөт.

Бүгүн, 23-июлга карата энергетика тутуму штаттык режимде иштеп жатат. Электр тармактарында ашыкча жүктөмдөр жана технологиялык бузулуулар катталган жок.

Алдыдагы күз-кыш мезгилине (ККМ) даярдыктын алкагында электр тармактарынын объектилеринде пландуу оңдоо иштери улантылууда.